Ушундай автобустар кийинки жылы жайында шаардыктарды ташый баштайт.

Кытайдын «Чжэнчжоу Юйтун Бас» корпорациясы газ менен жүргөн 60 автобусту борборго жеткирүү боюнча тендерди утуп алды. Бул компания тууралуу эмне белгилүү жана эмне үчүн калаа бийлиги кайрадан Кытайдын автобустарын сатып алууну чечкенин айтып беребиз.

«Чжэнчжоу Юйтун Басы» автобустарды сатып алуу боюнча тендерди 14-декабрда утуп алган. Бул компания менен кызматташуу үчүн тендердик комиссиядагы 9 адамдын ичинен 5и добуш берген.

Башында шаар бийлиги 60 автобусту сатып алууга 382 млн сом коротууну пландаган. Кытай өндүрүүчүсү кызматынын баасын 301 млн сомго төмөндөткөндүктөн, калаа бийлигинде сатып алынчу автобустардын санын 69га чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгон. Мэрия бул мүмкүнчүлүктү колдонобу же жокпу бир аптадан кийин белгилүү болот.

«Чжэнчжоу Юйтун Бастан» сатып алына турган автобустар жаратылыш газы (метан) менен жүрөт. Калаа бийлиги газ менен жүргөн автобустар күйүүчү майдын чыгымын эки эсе төмөндөтөөрүн эсептеп чыккан. Газдын бир кубометринин баасы 20 сомго чукул, ал эми солярканыкы — 46,5 сомду түзөт.

«Метан колдонуу тажрыйбасы 50% жогору олуттуу үнөмдөө берээрин, андан тышкары, чыгынды түтүндөрдүн көлөмүн кыйла азайтаарын көрсөткөн. Өз кезегинде бул Бишкектин экологиясына оң таасир берет», — деп жазат мэриянын басма сөз кызматы.

Эмне үчүн «Чжэнчжоу Юйтун Бас»?

Бишкектин автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков «Чжэнчжоу Юйтун Бас» сунуштаган 60 автобустун баасы эң арзан болбогонун «Клооптун» журналистине айтып берди.

Анын айтымында, тендердик комиссия «Чжэнчжоу Юйтун Бастын» сунушунан да арзан эки билдирме алган. Бирок комиссия аларды караган эмес. Себеби билдирме берген компаниялар тендердин шарттарына туура келбей калган. Орусиялык компаниялардын да сунушунан баш тартууга туура келген — алардын сунушу бюджетен жогору болгон.

Натыйжада тендердик комиссия «Чжэнчжоу Юйтун Бас» компаниясына токтолгон. Анткени ал автобустарды көптөгөн өлкөлөргө жеткирет.

«Бул ири корпорация. Ал өз автобустарын дүйнөнүн 132 өлкөсүнө сатат. Францияга, Данияга, Македонияга жана Израильге да сатат. Тагыраагы, бир гана Тажикстан же Ооганстанга гана эмес, өнүккөн өлкөлөргө дагы сатат», — деп түшүндүрдү Койчубаков.

Ал ырастагандай, «Чжэнчжоу Юйтун Бастын» автобустары 10 жыл мурда мэр Нариман Түлеевдин учурунда сатылып алынган «Юсин» компаниясынын автобустарынан кыйлале сапаттуу. Ал учурда мэрия бир нече жылга чейин колдонулбай турган 200 автобус сатып алган. Бузулган машиналардын саны көп болгондуктан Бишкектин автобус токтотуучу ишканасы автобустардын көрүстөнүнө айланып калган.

«“Юсин” компаниясы — кытай өндүрүүчүлөрүнүн арасында жакшы орду бар ишкана. А биз болсо азыр дүйнөлүк автопромго иштеп жаткан машианаларды сатып алуудабыз. Ошондуктан бул асман менен жер», — деди Бишкектин автотранспорт ишканасынын директору.

Автобустар качан келет?

Койчубаковдун айтымында, автобустар Кыргызстанга 2019-жылы жайында келиши керек. Азыр шаар бийлиги Кытайдын өндүрүүчүсү менен келишимге кол коюуга даярданып жатат.

Келишимдин шарттары боюнча, «Чжэнчжоу Юйтун Бас» Бишкекте өкүлчүлүгүн ачат. Ал өз автобустарын тейлөө жана оңдоонүн үстүндө иштемекчи.

«Чжэнчжоу Юйтун Бастын» кепилдигине ылайык, алгачкы бир-эки жылда бул ишти кытайлык адистер аткарышат. Андан кийин Бишкектин автотранспорт ишканасынын кызматкерлерине жүктөлөт.

Жаңы автобустар калаанын маршруттардан көз карандылылыгын азайта алабы?Ишениш кыйын. Бишкек шаардык Транспорт башкармалыгынын орун басары Нурлан Атыканов апрель айында, маршруттук таксилерден биротоло көз каранды болбош үчүн жок эле дегенде 800 автобус сатып алыш керектигин айткан.

«Мэрия борбордун көчөлөрүн маршруттук таксилерден арылтууну пландап жатат. Ал үчүн 800дөн 1000ге чейин автобус керек. Бирок Бишкектин бюджетинин абалынан улам, баарын бир учурда эмес, бөлүп-бөлүп алып келе алабыз. Ошондуктан шаардын чет жактарына мурункудай эле маршруттар каттап турат», — деп айткан ал Sputnik басылмасына.