Киши колдуу болуп мындан бир ай мурда каза болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жакындары 17-декабрда тергөөгө нааразычылык билдирип чыгышты.

Маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыпов кылмыш болгон күнү анын уулу менен чогуу жүргөн прокуратура кызматкерлери текшерилүүсү керек деп талап кылууда.

«Уулум Ала-Бука, Жалал-Абад жана Таласта иштеп, Баткенге келгенде коррупциянын курмандыгы болуп калды. Талабыбыз — бардык прокурорлор текшерилиши керек. Ал эми шектүү өмүр бою камакка кесилсин», — деди ал.

Маркумдун жакын тууганы экенин айткан Абдылда Темирбердиев кылмыш бир киши тарабынан жасалганына ишенбесин билдирди.

«Ал жерде [кылмыш катталган жайда] башка да прокуратура кызматкерлери болгон. Алар эмне үчүн боштондукта жүрүшөт? Эмне үчүн алар суракка алынган жок? Прокуратуранын кыймыл-аракеттери бизде шек жаратып жатат», — деди Темирбердиев.

Темирбердиев он күн мурда тергөөнүн ачык өтүүсүн талап кылып жана ишти президент өзү көзөмөлгө алуусун өтүнүп өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кат жолдошконун айтат.

Баткен облусунун 43 жаштагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков камакка алынган.

Өткөн айдын соңунда прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун 100дөй тарапташы тергөөгө нааразычылык билдирип Баткен шаарында митингге чыгышкан.

Шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова билдиргендей, Мамажакыповдун өлүмүнө Баткен прокуратурасынын башка да кызматкерлеринин тиешеси бар. Анын айтымында тергөө органдары күнөөнүн бардыгын анын инисине оодарышууда.

Калыковдун жакындары да сот адилеттигин жана аңчылыкка маркум менен кошо чыккан прокуратура кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылып келишет.

ИИМдин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Утемиров билдиргендей, тергөөдө Калыковдун кылмышка тиешеси бар экенин тастыктаган «төгүндөлгүс» далилдер бар.

Башкы прокуратуранын өкүлү Замир Бейшекеев кылмышка шектүү күнөөнү моюндаган көрсөтмө бергенин 29-ноябрда маалымдаган. Ал эми маркум жана шектүү менен кошо аңчылыкка барышкан Баткен прокуратурасынын алты кызматкери ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлгөн.

«Аңчылыкка чыгууда жана көзөмөл астындагы органдын кызмат адамы менен алкоголдук ичимдиктерин ичүүдө байкалган прокурордук кызматкердин этикаларын одоно бузуу үчүн, аңчылыктын эрежелери менен жоболорун, куралды сактоо жана колдонуу эрежелерин бузуу үчүн, андан тышкары, Калыков мас абалында автотранспорт башкарууга отургандыгы үчүн», — деп түшүндүргөн Бейшекеев.

Бейшекеев кошумчалагандай, иликтөөнүн жүрүшүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өзү көзөмөлүнө алган.

Редактору: Гүлжан Эшбаева