Баткендин прокурорунун өлүмү: Шектүүнүн күнөөсү далилденгени айтылды

Башкы прокуратура менен ИИМдин өкүлдөрү аткаминер Мелис Калыковдун Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө тиешеси болгонун тастыктаган «төгүндөлгүс» далилдер бар экенин билдиришти.

Башкы прокуратуранын өкүлү Замир Бейшекеев шектелип аткан Мелис Калыков кармалгандан кийин күнөөнү мойнуна алган көрсөтмө бергенин 29-ноябрда маалымдады.

Анын айтымында, Калыков менен Мамажакыпов аңчылыктан келе жатып урушуп кетишип, жаңжал мушташка айланып, Калыков аңчылык куралын колдонгон.

«Алар кармашып атышкан учурда Мамажакыповдун башына ок тийген. Калыков чочуп кеткендиктен тамеки чегип атып кокустан курткасын күйгүзүп алып, андан кийин өрттөнүп аткан курткасын Мамажакыпов тарапка ыргытып, анын денеси күйө баштаган. Ошол кезде ал абдан мас болчу», — деп айтып берди Бейшекеев.

Ошондой эле Бейшекеев УКМК милиционерлер тарабынан Калыков кыйноого алынганы тууралуу арыз боюнча текшерүү жүргүзүп атканын билдирди. Андан тышкары, прокуратуранын кызматкери Калыковду кармоо учурунда денесинде өлтүрүлгөн адам менен мушташтан кийин калган бир нече тытыктар менен көгала тактар болгонун кошумчалады.

ИИМдин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Утемиров кабарлагандай, тергөөдө Калыковдун прокурордун өлүмүнө тиешеси бар экенин тастыктаган «төгүндөлгүс» далилдер бар.

Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин маркум жана шектүү менен кошо аңчылыкка барышкан Баткен прокуратурасынын алты кызматкери ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлгөн.

«Аңчылыкка чыгууда жана көзөмөл астындагы органдын кызмат адамы менен алкоголдук ичимдиктерин ичүүдө байкалган прокурордук кызматкердин этикаларын одоно бузуу үчүн, аңчылыктын эрежелери менен жоболорун, куралды сактоо жана колдонуу эрежелерин бузуу үчүн, андан тышкары, Калыков мас абалында автотраснпорт башкарууга отургандыгы үчүн», — деп түшүндүрдү Бейшекеев.

Иликтөөнүн жүрүшүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жеке көзөмөлүнө алды.

Баткен облусунун 43 жаштагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун денеси 18-ноябрда Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Мелис Калыков камакка алынган. Аткаминердин машинасында кан табылган.

Шектүүнүн эжеси Дариха Калыкова билдиргендей, Мамажакыповдун өлүмүнө Баткен прокуратурасынын кызматкерлеринин да тиешеси бар. Анын айтымында, күнөөнүн бардыгын ага оодаргылары келишүүдө. Андан тышкары, Калыкова президентке, парламенттин спикерине жана акыйкатчыга ачык жана объективдүү иликтөө жүргүзүп берүү боюнча кайрылуу жолдогон.