Бишкектин соода борборлорунун бириндеги банкомат. Сүрөт: Kloop.kg

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматы «коррупцияга каршы күрөш» үчүн коммерциялык банктардан бардык кардарларынын маалыматтарын берүүнү талап кылды. Финчалгындоо кызматынын бул аракеттери «Банк жана банктык ишмердик жөнүндө» мыйзамын бузууда.

Финчалгындоо мындай талабы бар катты банктарга 10-декабрда таратканын «24.kg» басылмасы жазган. Басылманын журналисттери каттын көчүрмөсүн «Кызматтык колдонуу үчүн» деген белги менен алышкан. Документке финчалгындоонун төрагасы Гүламжан Анарбаев кол койгон.

Мамлекеттик кызмат коммерциялык банктардын жумушчуларын алардын кардарлары тууралуу маалыматты тизмектеп берүүнү суранган. Ал үчүн банк кызматкерлери атайын форманы толтуруп бериши керек болот: кардарлардын аты-жөнүн, идентификациялык номерлерин, алардын уячалары менен эсептеринин номерлерин, андан тышкары, эсептердин ачылган күнүн.

Мекемеден билдиришкендей, бул маалыматтар ага «коррупцияга каршы күрөшүү үчүн» керек жана жашыруун маалыматтарды алуу үчүн финчалгындоо менен банктардын ортосундагы коммуникацияны тездетүүнү каалайт.

Финчалгындоо талап кылынган маалыматтарга ээ болгондон кийин аларды банктык эсептер жана уялар боюнча тизмеге киргизет.

Кызмат аталган ыкма алардын кызматкерлеринин натыйжалуулугун жогорулатып, документ жүгүртүүнүн көлөмүн азайтып, андан тышкары, жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетүү коркунучун төмөндөтөт деп ишенет.

«Банктык эсептер менен уячалардын тизмесин түзүү [бизге] ЭКӨУнун [Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун] 43ү сунуштамасын аткарууга мүмкүндүк берет. Бул сунуш коррупцияга каршы күрөш боюнча Стамбулдун иш-аракеттер планынын мониторингинин 4-раундунун отчетунда көрсөтүлгөн», — деп айтылат финчалгындын катында.

Финчалгындоонун басма сөз кызматынан алардын ведомствосу банктарга кат жөнөткөнүн «Клооптун» журналистине тастыкташты. Аталган мекемедегилер алардын аракети мыйзамдарга каршы келбейт деп эсептешет.

Банктар финчалгындоонун талаптарына каршы

Кыргызстандын банктар бирикмесинин президенти Анвар Абдраев финчалгындоонун демилгесин колдобойт. Ал «24.kg» басылмасына курган маегинде бул маселени коммерциялык банктар менен талкуулаганын айткан.

«Биз бул талап [финчалгындын] Конституцияга жана мыйзамга каршы келет, банк системасынын беделине жана накталай эмес төлөмдөргө өтүүгө доо кетирет деген бир пикирге келдик», — деп эсептейт Абдраев.

Андан тышкары, ал финчалгындын аракеттерин «укук ченемдүү эмес» деп атады: «Алар экономикалык жаатта зыян тийгизишет. Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу опурталдуу абалда турат».

Финчалгындын талабы мыйзамдуубу?

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев финчалгындын талабын «туура эмес» деп атады. Анын айтымында, маморган эсептер менен уячалардын ээлеринин маалыматтарын талап кылуу боюнча сурамды туура эмес түзгөн.

Эралиев финчалгын чындыгында эле бул маалыматты талап кыла алаарын тастыктады. Бирок алар талап кылаардан мурда белгилүү бир банктын кардарын көрсөтүшү керек. «Банктардан бардык кардарлары тууралуу маалыматтарды бир учурда суроо — бул мыйзамсыз», — деди юрист.

2018-жылы августта «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы өзгөртүлгөнлгөн. Эми, анын 130-беренесине ылайык, банктар финчалгындын талабы боюнча банктык сырды ачыктоого милдеттүү — «финансылык чалгындоо органына - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык».

Бирок кийинки 131-беренеде мындай сурамдын талаптары түшүндүрүлгөн. Ага ылайык, милиция же финчалгын банктагы жашыруун маалыматтарды алуу үчүн анын так себептерин жазып көрсөтүшү керек. Андан тышкары, ведомстволор талаптын мыйзамдуулугун негиздеп берүүсү шарт.

«Банктык сырды камтыган маалыматтарды берүү жөнүндөгү суроо-талап ушул беренеге ылайык келбеген учурда, банк банктык сырды камтыган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү», — деп айтылат мыйзамда.