Президент Сооронбай Жээнбеков 21-декабрда Конституцияны өзгөртүүнүн кереги жоктугун билдирип, 2016-жылы аны «элдин чечимине карабастан» өзгөртүшкөнүн кошумчалады. Ал азыр жана бир жарым жыл мурда негизги мыйзамды өзгөртүү тууралуу айткандарын салыштырабыз.


«2016-жылы өлкөдө конституциялык референдум өтүп, саясий системаны бекемдеп, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөнүн туруктуулугуна жол ачылды».

2017-жыл 7-апрель


«2010-жылы референдум аркылуу Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди».

2018-жыл 21-декабрь


  • Жээнбеков 21-декабрда кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган конференцияга катышты. Жыйында ал 25 жыл ичинде Конституция 10 жолу өзгөртүлгөнүн белгиледи. Президент өлкөнүн өнүгүшү жана реформалар үчүн учурдагы негизги мыйзам жетиштүү эле деп эсептейт: «Кеп Конституцияда эмес, кеп мыйзамды сыйлаган же аны бузган адамдарда болуп жатпайбы».
  • 2016-жылы референдумга келген кыргызстандыктардын дээрлик 80% Конституциянын өзгөрүүсүнө добуш беришти. Бул ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси болчу. Ал баш мыйзамдагы түзөтүүлөр өлкөнү бийликтин узурпациялоосунан сактап келет деп эсептеген.
  • Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө жарандык коомдун өкүлдөрү, айрым парламентарийлер, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү жана экс-президент Роза Отунбаева каршы чыгышкан. Алар өзгөртүлгөн Конституция бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты бузуп, демократияны жоготууга алып келет дешкен.