Экономика министрлигинин сайтында кеткен ката маалымат базасынын сыр сөзүн ачыктады

Кыргызстандын экономика министрлигинин жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин сайттарында ката кетти. Сайттарда сервер тууралуу бардык маалыматтар, анын ичинде маалымат базасынын логини жана сыр сөзү камтылган каталардын логдору (журналы) ачыкталган.

Министрликтин сайтындагы катаны журналист Кайыргүл Урумканова байкаган. «Экономика министрлигинин сайтында чыр-чатак болуп жатат. Бүт сайт алгоритмдер менен ойноп жатат. Сыңары, министрликте Жаңы жыл жакшы өтсө керек», — деп өзүнүн фейсбук баракчасында жазды.

Материалдын жарыяланышы учурунда министрликтин сайтында чыккан каталардын логдору көрүнүп, аны менен кошо сервер тууралуу маалыматтар, сайт катталган маалымат базасы менен почта аккаунтунун логиндери жана сыр сөздөрү көрүнүп турган. Министирликтин сайты саат төрттө калыбына келтирилген.

Ушул сыяктуу ката Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин сайттарынын биринде да болгон. Ал учурда дагы сыр сөздөрү ачыкка чыккан эле. Кийин агенттиктин сайты адаттагыдай иштеп баштаган.

Экономика министрлигинин басма сөз катчысы Махабат Маматова «Клооптун» журналистине курган маегинде, ведомствонун техникалык адистери маселе тууралуу билишээрин жана аны жок кылуу аракеттери көрүлүп жатканын айткан.

Маматованын айтымында, сайтты оңдогондон кийин баарына ачык болуп калган бардык сыр сөздөрдү алмаштырышат.

«Биз сайтты эки ай бою жаңылаганбыз. Ошого байланыштуу азыр серверлерде ката кеткен окшойт. IT адистер чара көрүп жатышат», — дейт Маматова. Ушундай эле маалыматты экономика министри Олег Панкратов Урумканованын постунун алдына жазып калтырган.