Сапар Исаков УКМК дарбазасынын алдында

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков алдын ала көмүскө бүтүм түзүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян тийгизген деп шектелүүдө. Бул үчүн Исаков 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Экс-президент Атамбаевдин жакын чөйрөсүндөгү дагы бир саясатчы, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов да, дал ушул мөөнөткө абак жазасына кесилиши ыктымал.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго «Коррупция» беренеси боюнча акыркы айып тагылды. Тергөө Исаков алдын ала көмүскө бүтүм түзүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян тийгизген деп эсептейт. Саясатчыны сот күнөөлүү деп тааныса, Исаков эркинен 20 жылга чейин ажыратылат.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, кылмыш ишинин материалдарын иликтөө үчүн тергөө иши узартылды — Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча иши 30 томдон турса, Тарых музейин реконструкция боюнча иши дагы бир нече томдордон турат.

Токтакунов «Клооптун» журналистине курган маегинде: «Айыптоо дурус эмес. Каражатты алгандыгы боюнча эч кандай фактылар жок. Математикалык формуланы виртуалдык түрдө эсептеп, ал аркылуу залалдын орду бар деп далилдеп жатышат. Тергөө фактылар менен далилдеши керек — берүү, сактоо, акча жашыруу. Бирок булардын бирөөсү да жок, анткени булар дегеле жок да», — деп айтып берди. Токтакунов кошумчалагандай, кытайлык тарап тергөөгө өз сметасын берген эмес, андыктан укук коргоочулар айыптаптоодо 2013-жылга алар үчүн кыргыз компаниясы түзгөн сметага таянып жатышат.

Мурдагы премьерге Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезде, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо, «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн».

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин укук коргоо органдары аны жаңыртууга кеткен чыгымдарга көңүл буруп башташкан. Авариядан кийин Бишкектин тургундары бир нече күн жылытуусу жок калышкан, андан кийин суу менен свет да өчкөн.

2018-жылдын майында депутаттык комиссиянын чыгарган тыянагы боюнча, Бишкек ЖЭБдин жаңыртуусуна багытталган $386 млн акча ашыра көтөрүлгөн баа, ал эми жаңыртуу иштерин алып барган Кытай компаниясы сарпталган акчалар боюнча деталдуу отчетторду берген эмес.

Исаков өзүнүн камакка алынганын адилетсиздик деп атап, УКМК кызматкерлери тарабынан опузалоого алынганына даттанган. Ал 2018-жылдын декабрында президент Сооронбай Жээнбековду саясий куугунтуктоолорду жүргүзүүсүнө күнөөлөгөн.

«Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат, бул процессти өзү көзөмөлдөп жатат», — деп Исаков сотто айткан. Азыр аткаминер УКМКнын тергөө изоляторунда отурат — Биринчи май сотунун чечими боюнча Исаков камакта февралдын ортосуна чейин болот.

Атамбаевдин «жакындарынын» соттолгондору

Кубанычбек Кулматов сот имаратынын алдында. Сүрөт: Акипресс 

Узак мөөнөткө Сапар Исаков эле эмес, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов дагы эркинен ажыратылышы мүмкүн. 24.kg басылмасы жактоочу Сергей Слесаревго таянып, Кулматовго дагы акыркы айып тагылгандыгын маалымдады. Мурдагы шаар башчысына коррупция жана кылмыштык көмүскө бүтүм боюнча айып тагылган — бул кылмыштар үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Жактоочу Кулматовго каршы ишти токулган деп эсептейт.

Кулматов Сапар Исаков менен бир күндө камакка алынган — 2018-жылдын 5-июнунда. Аткаминер «кытайлык грантты мыйзамсыз пайдалангандыгы» үчүн айыпталган. Каражат Кыргызстандын аймактарында эки мектепти курууга багытталган, бирок Кулматов, тергөөнүн версиясы боюнча, акчаны Бишкектен алыс эмес жердеги Калыс-Ордо конушунда мектеп курууга жумшаган.

Албек Ибраимов

Сергей Слесаревдун сөздөрү боюнча, Кулматовдун иши Бишкектин башка экс-мэри Албек Ибраимовдун иши менен бириктирилген. Ибраимовго акыркы айып тагыла элек, бирок жактоочунун айтышы боюнча Ибраимов дагы узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ибраимов 2018-жылдын 19-июлунда «ТНК Дастанга» байланыштуу кылмыш иштери үчүн камакка алынган — Ибраимов бул заводдо 2011-2012-жылдары башкармалыктын төрагасы болуп иштеген. Биринчи кылмыш иши заводдун мүлкүн орунсуз жок кылуу менен, экинчиси муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү менен байланыштуу.

Икрамжан Илмиянов сот имаратынын алдында. Сүрөт: Бексултан Абибакир уулу

Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү, мурдагы айдоочусу жана кеңешчиси Икрамжан Илмиянов дагы камакка алынган. Илмиянов октябрдын аягында Орусиядан Кыргызстанга алынып келинген, ал эми анын кылмыш ишинде Кылмыш-жаза кодексинин аз дегенде эле жети берене белгиленген.

Илмиянов «Алдамчылык», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу», «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу», «Пара алууда ортомчулук кылуу», «Пара берүү» жана «Кызматтык жасалмалоо» беренелери боюнча айыпталууда.