Кыргызстан менен болгон оюнда Кытай курама командасы. Сүрөт: AFC

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия Кубогундагы өзүнүн алгачкы дебюттук оюнун Кытай командасына 1:2 эсебинде уттуруп жиберди.

Кыскача:

Биринчи таймда Ахлидин Исраилов оюндун эсебин ачып, Кыргызстан курама командасын алдыга чыгарган. Бирок матчтын экинчи бөлүгүндө кытай футболчулары жеңишти ишенимдүү түрдө сууруп алышты.

Экинчи таймда кыргыз дарбазачысы Павел Матяштын автоголунан кийин жагдай түп тамырынан өзгөрдү. Артынан кыргыз коргоочулары каталарды кетирип, Кытай командасы экинчи голду киргизип, оюнду утуп алуу менен жыйынтыкташты.

Кененирээк:

Кыргызстан курамасы оюнду каршылашынын дарбазасына прессинг жасоо менен баштап, 6-мүнөттө эле Бекжан Сагынбаев Виталий Люкска гол киргизүүгө топ чыгарып берүү менен биринчи кооптуу абалды жаратты. Бирок бул аракеттен майнап чыккан жок.

Люкс биринчи таймда эки жолу өзгөчөлөнө алмак. Ал 26-мүнөттө талаанын түпкүрүнөн башталган бат комбинациядан кийин Кытай дарбазачысы Ян Цзюнлин менен бетме-бет чыгып, бирок анын соккусу таамай болбой калган.

42-мүнөттө Кыргызстан өзүнүн Азия Кубогундагы эң алгачкы голун жаратты — Валерий Кичин сол канаттан көтөрүп берген топту Мирлан Мурзаев башы менен Ахлидин Исраиловдун таамай соккусуна ыңгайлуу кылып берди.

Ахридин Исраилов Кытай дарбазасына киргизген голунан кийин. Сүрөт: AFC

Бирок, экинчи таймда Кытай курамасы такыр башка футбол көрсөттү. Бир катар чабуулдардан кийин, 50-мүнөттө кыргыз дарбазачысы Павел Матяш бурчтагы тебүүдөн кийин одоно ката кетирип, топту өзүнүн дарбазасына киргизип алды.

Кытай командасы негизинен сол канат боюнча чабуул жасап, эки жолу дарбаза мамысынан бир аз өйдө сокку узатышты — биринчи 62-мүнөттө У Си, андан соң 71-мүнөттө У Лэй.

78-мүнөттө Кыргызстандын коргоо линиясы кетирген катадан кийин Кытай чабуулчусу Ю Дабаого багытталган чыгарып берүүнү кое жиберишти — чабуулчу алдыга алыс чыгып алган Матяшты жазгырып өтүп, бош дарбазага Кытайдын жеңүүчү голун салып койду.

Ю Дабао. Сүрөт: AFC

Кыргызстандын чарчап калган оюнчулары контр чабуулдар менен ойноого аракет жасашканы менен, абалды оңдоп кетүүгө алмаштыруудан чыккан кыргыз курама командасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардири Антон Землянухин дагы жардам бере алган жок.

Оюндун акыркы кошулган мүнөттөрүндө Землянухин бурчтан топ чыгарып берди, бирок анын катуу берүүсүнөн кийин топ талаанын чегинен алыс учуп кетип, башкы калыс оюндун аякташын билдирди.

Кыргызстан Азия Кубогундагы алгачкы оюнунда сенсациялуу жеңиштен кол жууп калды. Анткени менен команда матчтын көпчүлүк убактысында алдыда болду. Группалык баскычтын кийинки оюнунда Кыргызстан турнирдеги эң күчтүү атаандаш — Түштүк Корея менен беттешет.

Группанын акыркы оюнунда Кыргызстан Филиппин курамасы менен оюн өткөрөт — бул матчта команда чейрек финалга өтөөрү чечилиши ыктымал.

Тема боюнча:

Кыргызстан катышкан Азия Кубогу жөнүндө эмне билесиз?