Эркинбек Исаков Бишкектин 53-мектебинде акыркы коңгуроо учурунда. 2017-жыл май айы. Сүрөт: Исаковдун фейсбуктагы барагы

Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) Бишкектин мурдагы вице-мэри Эркинбек Исаковдун илимий даражасын жокко чыгарды. 2018-жылдын жайында орусиялык «Диссернет» коому Исаковдун илимий ишинде плагиат бар экенин таап чыккан. Териштирүү жарыялангандан кийин Исаков өзү аны даражасынан ажыратууну суранган.

«Акипресс» басылмасы 14-январда маалымдагандай, Эркинбек Исаковдун диссертациясында плагиат табылгандыктан ЖАК аны экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасынан ажыраткан.

«Иштин 50%дан ашыгы бир булактан көчүрүлүп алынган экен», - деп комиссиядан билдиришти.

2018-жылы июлда орусиялык «Диссернет» коому Исаков 2010-жылы жактаган илимий ишинде плагиат бар деп айыптаган. Исаковдун ишиндеги көчүрмөлөргө Дагестандын экс-башчысы Магомедсалам Магомедов менен Самара мамлекеттик университетинин мугалими Марина Гагаринанын кандидаттык диссертациялары маалымат булак болуп берген.

«Клооптун» журналисттери бул тууралуу жазып чыккандан кийин Исаков илимий даражасынан ажыратууну суранган. «Илимий жетекчим экөөбүз бардык катаал талаптарга дал келе турган жаңы илимий иш даярдаганы турабыз», — деп ошондо айткан эле.

Илимий ишинде плагиат табылган кыргыз окумуштууларынын ичинде Исаков жалгыз эмес — «Диссернеттин»тизмесинде депутат Акылбек Жапаров, ИИМдин министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков, мурдагы депутат Турдукан Жумабекова жана башкалар. Алар дагы илимий даражасынан ажыратылабы деген «Клооп» журналистинин суроосуна ЖАКтан жооп берүүдөн баш тартышты.

Эркинбек Исаков Бишкетин вице-мэри болуп үч жыл иштеген — 2015-жылдын августунан 2018-жылдын августуна чейин. Ал Азиз Суракматов Бишкектин мэри болгондон кийин кызматынан кеткен.

«Диссернет» коому 2013-жылдан бери иштеп келет. Анын мүчөлөрү илимий иштердеги плагиаттарды издеп табышат. Эгерде ыктыярчылар окшоштуктарды табышкан болсо, алар кайсы иш кечирээк чыкканын (албетте, анда плагиат болот) текшеришет, андан кийин айкалыштарды талдашат.

Тема боюнча: Кантип Бишкектин вице-мэри Дагестандын экс-башчысынын диссертациясын көчүрүп алган?