Албек Ибраимов сот отурумунда. Сүрөт: «АКИпресс»

15-январда Бишкекте шаардын мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата биринчи сот процесси болду. Сот отуруму көпкө созулган жок — судья Кымбат Архарова кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга жетишпей калгандыгына байланыштуу сотту 28-январга жылдырды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Ибраимовду 2018-жылы 19-июлунда кармашкан. Мурдагы мэрди коррупция жана «муниципалдык жерлерди мыйзамсыз берүү» боюнча айыпташкан. Дагы бир айып «Нурлуу жээк» пансионатынын сатылышы менен байланыштуу болгон. Ибраимов өзүнүн кылмыш куугунтуктоосун саясий деп атаган.

Албек Ибраимов Жээнбековдун алдында иштеп турган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы жогорку кызматты ээлеген аткаминерлердин акыркысы эле.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы жаңжалдын фонунда Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министр кызматынан бошотулган. Атамбаев тарапташтарынын камакка алынгандарын «аңчылык» деп атаган. Жээнбеков парламентте сүйлөп, коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылуу менен каршылаштарын жазалабай тургандыгына убада берген.

2018-жылы 16-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаев менен болгон конфликт боюнча эл алдында биринчи жолу пикирин билдирген, Атамбаев «досум» жана «партиялашым» деген сөздөрдү «айта бергенди жакшы көрөт», бирок чыныгы дос жана партиялаштай жүрбөйт деп айткан.

Тема боюнча: Мэрлик кызматтан түрмөгө. Кантип Албек Ибраимов эки аптада бийлигинен кол жууп калды?