Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарындагы автобус жана троллейбустун жол акысын автоматташтыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 680 миң евро бөлгөн. Мэрия эки ай мурун шаардагы коомдук транспорт электрондук тейлөө системасына өтөт деп жарыялаганы менен дале ишке кире элек.

Шаардык муниципалдык автоунаа мекемеси өткөн жылдын октябрында калаадагы автобус жана троллейбустар электрондук билет системасы менен иштей баштаарын убадалаган. Ага ылайык, учурда жүргүнчүлөр жол кирени карта аркылуу төлөп калышмак. Арадан эки ай өткөнүнө карабай муниципалдык коомдук транспорт автоматташтырыла элек.

Эмне үчүн автоматташтыруу кечигип жатат?

Ош шаардык автоунаа муниципалдык мекемесинин башчысы Мурзабек Дубанаев электрондук тейлөө системасынын ишке кирбей жаткандыгын картанын баасын бекитүү процедурасы менен байланыштырды.

«”Микроэлектроника” компаниясы картанын баасын 0,80 центтен берип жатат. Ал биздин Улуттук банктын 64 сомуна туура келет. Картаны 64 сомдон сатуу-сатпоонун мыйзамдуулугун карап, мөөнөт ушул убакка чейин созулуп кетти», — деп билдирди Дубанаев.

Мекеме башчысы «ушул жума ичи жумушту баштайбыз, биз толук стартта турабыз» деп ишендирди.

Карта канча категорияда болот?

Картанын баасы 64 сомду түзөт жана ал үч категорияда болот.

• ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар акысыз жүрүү үчүн — кызыл түстө; 

• окуучулар үчүн — көк түстө;

• жана жалпы тургундар үчүн — сыя түстө.

Учурда муниципалдык автоунаа ишканасынын балансында 30 миң карта бар. Анын 5 миңи акысыз жүрүүчүлөргө берилет, 5 миңи мектеп окуучуларына ылайыкталып чыгарылган. Калган 20 миң карта бул категорияга кирбеген башка жүргүнчүлөргө сатылат. Мекемеден кабарлашкандай, канча жүргүнчү электрондук билет аркылуу жол кире төлөөрү боюнча аларда маалымат жок. Эгерде картага дагы муктаждык жаралса, алар буйрутма менен алдырууга даяр.

Шаар бийлиги канча тургун карта сатып алаарын билбей турганы ырас. Анткени, жүргүнчүлөрдүн коомдук транспортто накталай акча менен төлөө варианты да болот.

Муниципалдык ишканадан маалымдашкандай, 10-январдан тарта коомдук траспорттордо акысыз жүргөн тургундарга карта таратуу иштери башталды. Андан соң аткаминерлер электрондук картаны мектеп окуучулары менен шаар тургундарына сатууну пландашууда. Бирок карта качан сатыкка чыгаарын так айта алышкан жок.

Шаар бийлигинен 30 миң карта толук таркатылгандан кийин гана автоматташтыруу ишке кирээрин белгилешти.

Картанын балансы кантип толукталат?

Карта төлөмүндө жол акы өзгөрбөйт: мурдагыдай эле троллейбус — 6 сом, автобус — 8 сомдон алат. Пенсионерлерге жол кире акысыз болсо, окуучулар 1 сомдон төлөшөт.

Картаны толуктоо жаатында учурда уюлдук операторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп жатканын шаардык автоунаа мекемесинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тендерден утуп чыккан компания электрондук картага баланс толтуруу кызматын ишке ашырмакчы. Аткаминерлердин айтымында, тендер качан өтөөрү белгисиз.

Картанын балансын толуктоо коммуналдык кызматтарга акы төлөгөндөй тартипте кылуу пландалууда. Картага канча сумма салуу жүргүнчүнүн өз каалоосунда болот.

Долбоорго канча каражат бөлүнгөн?

Автоматташтыруунун максаты — Ош шаарындагы коомдук транспорттун тейлөөсүн жакшыртуу. Долбоор 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, ага 900 млн 600 миң евро бөлгөн. Бул каражаттын 5 млн 700 миң евросу кредит түрүндө, калган сумма грант катары берилген.

Ошол каражаттын ичинен калаага 2016-жылы 30 автобус жана 2017-жылы 23 троллейбус алынып, учурда алар каттамда кызмат көрсөтүүдө. Мындан сырткары автобус, троллейбустун кабелдик чубалгылары ремонттолгон.

Карта менен тейлөө долбоорунун сметалык баасы 684 миң 100 еврону түзөт. Аны ишке ашырууга эл аралык тендер өткөрүлүп, муниципалдык транспортту автоматташтырууну Чехиянын «Микроэлектроника» компаниясы утуп алган. Чет элдик ишкана муниципалдык транспортторго жабдыктарды орнотуп бүткөн.

Ош шаарында эки троллейбус, эки автобус каттамы бар: анда 31 троллейбус жана 30 автобус иш алып барат. Ал эми калаа тургундарынын саны расмий 280 миңден ашат, анын ичинде пенсионерлердин саны 24 миң киши деп белгиленсе, окуучулар 65 миңге чукулдайт.

Авторлошу: Аймээрим Дарбанбек кызы
Редактору: Гүлжан Эшбаева