https://www.instagram.com/p/Bss6I1NnmVF/?utm_source=ig_embed

Инстаграм-паблик omks_video 16-январда Бишкектин көчөлөрүндө Кыргызстан курамасынын жеңишин күйөрмандар белгилеп жатканы тууралуу ролик жарыялаган. Кыргыз футболчулары Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп алган эле. Эки сааттан кийин кыргыз курамасы мөөнөтүнөн мурда Азия Кубогунун плей-оффуна өткөнү белгилүү болгон.

Кыргызстан Азия Кубогунун тайпалык баскычында өзүнүн чечүүчү оюнун өткөрүп — Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп алган. Бардык үч голду тең чабуулчу Виталий Люкс киргизди — бул анын курама үчүн өткөргөн оюнундарындагы алгачкы хет-триги болгон.

Жеңиштен кийин эки саат өткөн соң Кыргызстан 1/8 финалга өтүп, турнир ээси Бириккен Араб Эмирликтери менен ойноору белгилүү болгон. Кыргызстандын мөөнөтүнөн мурда плей-оффко өткөнү Вьетнам-Йемен оюнунан кийин аныкталган.

Тема боюнча:

Азия Кубогу 2019: Кыргызстан Филиппинди утуп плей-оффко өттү