Сүрөт: Beeline

19-январда Бишкектин Опера жана балет театрында «Дота 2» онлайн оюну боюнча Кыргызстандагы алгачкы турнир болуп өткөн. Бул иш-чара Маданият министри Азамат Жаманкуловго жакпай калып, ал «мындай нерселерге тыюу салам» деп билдирген.

Жаманкуловдун айтымында, Опера жана балет театры «Дота 2» сыяктуу киберспорттук оюндардын турнирлерин өткөрүүчү жай эмес. Ал «мындан ары эми ушундай нерселерге тыюу салам» деп билдирген.

«Мен бул кырдаалды териштирем. “Дота” канчалык маанилүү жана керек экенин түшүнүп отурбайм. Маданият мекемелеринде маданият иш-чаралары өткөрүлүп турушу керек деп эсептейм», — деп айткан министр 19-январда.

Жаманкулов «АКИпресс» басылмасына курган маегинде билдиргендей, театрдын директору Болотбек Осмонов имаратты турнир өткөрүүгө бергендиги үчүн «жазаланат».

Ал эми Осмонов Жаманкуловдун көз карашына макул эмес. Ал «Дота 2» боюнча киберспорттук турнир — бул интеллектуалдуу оюн деп эсептейт. «Биз келишимге кол койдук, ижара акысына 180 миң сом төлөштү. Мындай турнир Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул жөн эле оюн эмес, интеллектуалдуу оюндарга тиешелүү оюн», — деген театрдын директору.

Кыргызстан үчүн «Дота 2» боюнча алгачкы чемпионатты «Билайн» уюлдук оператору 19-январда Опера жана балет театрынын имаратында уюштурган. Бул иш-чарада байге фонду 1 млн сомду түзгөн чемпионаттын финалы өткөн.

«Билайндын» бренд менежери Бакыт Айтбаев «Спутниктин» журналисттерине түшүндүрүп бергендей, кибертурнирдин уюштуруучулары Опера жана балет театрын «талаптарга ылайык» келгендиктен тандап алышкан.

«Канча адам чогулта алаарыбызга, көрүүчүлөргө канчалык ыңгайлуу болооруна ылайыктаганбыз. Ошондуктан театралдык отургузуусу маанилүү болчу», — деп ырастаган Айтбаев.

Турнирде «No.Lifer5» командасы жеңүүчү аталып, анын оюнчулары 500 миң сом жеңип алышкан.

Эмне үчүн бул тууралуу кеп кыла башташкан?

Компьютердик оюн боюнча турнир театр мекемесинде өткөрүлгөндүгүнө нааразы болгон кыргыз ЖМКлары насыятчылык мүнөздө жазып чыгышкандан кийин «Дота» боюнча киберспорттук турнири бийликтегилердин көңүлүн бурган.

Бардыгы театрдын солисти Таир Бейшеев чемпионат болгон күнү тартып жарыялаган видеодон улам башталып кеткен. Видеодо ал киберспорттук турнир өткөрүүнү «кап-каяктагы иш-чара» деп атаган.

«Кыргызстандын башкы сахнасында эмне болуп жатканын айтууга оозум да барбай жатат… Кыргызстандын улуу уулдары жана кыздары чыгып жүргөн сахнада “Дота” деп аталган кап-каяктагы бир иш-чара өтүп жатат», — деп айткан ал өз видеосунда.

Кийинчирээк, «Апрель» телеканалы материалында «Биз кайда баратабыз?» деген аталышты колдонуп, берүүсүнүндө опера ырчысы Элнура Самарбекованын айткандарынан цитата келтирген: «Мен нес болуп турам! Айткылачы туугандар, улуу музыкалык искусство жайында компьютердик оюндарды өткөрүү жакшы ишпи?»

«Дота 2» деген эмне?

«Дота» — бул дүйнө жүзүндө 10 миллиондон ашуун адам ойногон онлайн-стратегия. Эрежелери жөнөкөй: беш адамдан турган эки команда душмандардын базасын жок кылууга белсенишет. Эреже боюнча оюн 20 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин созулат.

Оюнчунун өз «рейтинги» болот: уткан матч үчүн ал болжолдуу 25 пайызга өсөт, ал эми утулган матч үчүн төмөндөйт. Дүйнөдө эң күчтүү оюнчулардын рейтинги — 9000 упай же андан да жогору.

Жыл сайын бир жолу «Дота» боюнча The International чемпионаты өтүп турат. 2017-жылы анын байге фонду 24 миллион долларды түзүп, анын 10 миллионун жеңүүчүлөр алышкан.

Кыргызстанда «Дота» ойногон бир нече профессионал оюнчу бар, алардын ичинен эң эле белгилүүлөрү — бул Бакыт «ZayaC» Эмилжанов менен Евгений «Blizzy» Ри. Евгений Ри «Дота 2» оюну боюнча Natus Vincere (Na’Vi) деген дүйнө чемпиону болгон команданын негизги курамына кабыл алынып, мыкты оюнчулардын катарын толуктаган.

Евгений Ри жөнүндө бул жерден окуй аласыз. Ал эми бул шилтеме аркылуу Бакыт Эмилжанов киберспортчунун карьерасына кантип жетишкендиги тууралуу кеңири тааныша аласыз.