Бишкек: Өлүмгө алып келген жол кырсыгына кабылган милиционер мас абалда болгон

Жол кырсыгы болгон жерден алынган сүрөт. Сүрөт: aziyat/Instagram

Бишкек ШИИБдин башчысы Сталбек Рахманов 21-январь күнү өлүмгө алып келген жол кырсыгына кабылган милиционер мас абалда болгонун тастыктады. Бул жол кырсыгынан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 34 жаштагы кызматкери каза тапкан.

Мындай билдирүүнү Рахманов өзүнүн 22-январда жасаган видео кайрылуусунда жасаган. Анын айтымында, Горький жана 7-апрель (мурдагы Алма-Ата көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган милиционер — Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 26 жаштагы кызматкери.

Натыйжада жол кырсыгынан улам ӨКМдин 34 жаштагы кызматкери Мээрман Асанканова каза тапкан.

Учурда кырсыкка кабылган милиционер жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жол кырсыгы фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө сотко авариянын катышуучусун камакка алуу талабы менен кайрылган. Ал эми милиционер жаткан жандандыруу бөлүмүнүн алдына конвой коюлган.

ГУВД Бишкек. По результатом предварительной экспертизы водитель автомашины марки «Мерседес Бенц» участковой инспектор УВД Октябрского района находился в нетрезвом состояние. Вчера 21 января примерно в 00:40 часов на пересечении улиц Анкара и Ч. Валиханова произошло столкновение автомашин «Мерседес Бенц» и «Тойота Авенссис». На место выехала следственно-оперативная группа ГУВД г.Бишкек и УОБДД г.Бишкек. По приезду на место был обнаружен труп женщины личность ее установлена ею оказалась А.М., 1985 г.р. И водитель автомашины «Мерседес Бенц» Э.М.,1993 г.р., участковой инспектор УВД Октябрского района который был доставлен в больницу с различными тяжкими телесными повреждениями. По результатом предварительной экспертизы водитель автомашины марки «Мерседес Бенц» Э.М.,1993 г.р., участковой инспектор УВД Октябрского района находился в алкогольной опьянении. Данный факт зарегистрирован в Единый реестр преступлений по статье 297 (Нарушение правил безопасности движения и эксплуатации автомототранспортных средств) УК КР. Начато досудебное производство по статье 297 УК КР (возбуждено уголовное дело). И назначены все необходимые экспертизы. Также, следствием внесено ходатайство об избрании меры пресечении арест в отношении сотрудника милиции и в больнице выставлен конвой. В настоящее время Службой внутренних расследований проводится служебное расследование в отношении руководства УВД Октябрьского района. Об итогах будет дана дополнительная информация.ПРЕСС СЛУЖБА ГУВД БИШКЕК

Posted by ГУВД г. Бишкек on Monday, January 21, 2019

«ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө жана кызмат адамдарына карата чаралар көрүлөт», — деп кошумчалады Рахманов.

Жол кырсыгы 21-январь күнү кечинде Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жүз берген. Маалыматка ылайык, милиция кызматкеринин Mercedes Benz үлгүсүндөгү машинасы Toyota Avensis унаасы менен сүзүшкөн. Toyotaны башкарып бара жаткан ӨКМдин кызматкери окуя болгон жерден көз жумган.