«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва

Конституцияда бекитилген тең укуктуулук менен эркиндиктин баалуулуктары кеп ЛГБТК адам тууралуу болгондо дайыма эле иш жүзүндө иштей бербейт (ред. — лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер, квир адамдар).

«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва

ЛГБТ уюмдарынын Кыргызстандагы изилдөөлөрүнө караганда, зомбулукка кабылган ЛГБТК адамдары укук коргоо органдары тарабынан коргоо көрсөтүлөөрүнө үмүт арта алышпайт. Бул консервативдүү коомдогу гетеросексуал адамдар менен ЛГБТК өкүлдөрүнүн ортосунда болуп жаткан жалпы кастык жана социалдык оолактоонун айынан болууда.

«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва

Мындан да күчтүү зомбулук, кемсинтүү жана басмырлоого чалдыгуу коркунучу милицияга кайрылуу үчүн тоскоолдук болуп калат. Бул коркунучту түшүнсө болот, себеп дегенде ЛГБТК коомчулугунун көптөгөн өкүлдөрү так ошо укук коргоо орган кызматкерлеринин колдорунан жапа чегишээрин айтышат.

«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва

«Мени камакка алышып, акча опузалашып, досторум менен туугандарымды зордуктайбыз деп коркутушкан. Мен тааныган бардык ЛГБТ өкүлдөрү тууралуу маалымат бер деп зордошкон. Маалымат бербегеним үчүн көпкө чейин ур-токмокко алышкан. Ошондон кийин жардам сурап кайрылгам. [Бирок], тилекке каршы, укук коргоо органдарыбыз андан да жаман кылышкан», — деп «Бишкек шаарынын ЛГБК муктаждыктарын баалоо» уюмунун катышуучусу айтып берди.

«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва

Милициянын ЛГБТК өкүлдөрүнө карата жасаган начар мамилелерин «Кыргыз Индиго» уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы тастыктайт — сурамжылоого алынган милиционерлердин 94% коомдо гомосексуалдуулукту кабыл алууга болбойт деп эсептешет; алардын ичинен 86% гомосексуалдуулук — бул оору деп ойлошот, бирок ал андай эмес. Конституциянын Кыргызстандын жарандарынын бардыгы бирдей укукка ээ деген токтомуна карабастан сурамжылоодон өткөн милиционерлердин жарымынан азы гана ЛГБТК адамдарына коомдун толук кандуу мүчөлөрүнө кылгандай мамиле жасашат.

«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва

Укук коргоо органдарындагы гомофобия менен трансфобия көпчүлүк ЛГБТК адамдарынын өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого тоскоолдук жаратат. Алар Конституцияда, мыйзамдарда, эл аралык келишимдерде, ошондой эле эл аралык укуктардын жалпыга таанылган принциптери менен нормаларында каралган.

«Кыргыз Индиго» менен «Лабристин» иликтөөлөрүнүн визуализациясы / Карина Толмачёва