Алина Печёнкинанын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

2010-жылдын, жаз айы. Революционерлер Бишкектин борборунда президент Бакиевди кулатышкан кез. Адамдар бир аз эркин дем алып калгандай болгону менен бүткүл өлкө дайынсыздык жана өзгөрүштүн абалында такалып калгандай. Амбициялуу 26 жаштагы Бакыт (ысымы өзгөртүлдү) бүткүл өлкө менен кошо өз жашоосундагы жаңы баскычка өтүүгө аракет кылууда. Ал чын дилинен мыйзамдуу бизнес ачууну чечти. Бул тагдыр өзгөртүүчү чечимге чейин ал өзүн майда кеңсе кызматкеринин ролунда көрүп көргөн. Бирок жетекчилик менен пикири келишкен эмес, себеби ал «байкесине иштегиси келген эмес».

«[Ишкер болуу] абдан жакты. Бизнесимди расмий баштоону чечкем. Каттоодон өтүп, салык төгө баштадым», — дейт ал. Кыргызстандагы көптөгөн ишкерлердей эле Бакыт соодагерлик кылып, курулуш материалдарын сатчу.

Бир жылдан кийин Бакыттын адал бизнеси киреше алып келбей калган: «Иш жүрбөй калгандыктан чөнтөктө акча түгөнгөн». Бизнести каттоодон өткөрүү баскычында бардык жактан иштешүүгө оңой болгон мамлекеттик органдар көмөк көрсөтүүсүн токтотушкан. Катардагы эле салыкчылар опузалап пара алып, ал эми социалдык фонддон «майда-чүйдө кагаздарды» талап кылышканын Бакыт эскерди.

Акырында Бакыт чарчап, көмүскөгө кетүүгө аргасыз болгон. Жаңы жылдын алдында салыкчы «чайпул бер» деп сурагандан кийин чыдабай калган.

Кыргызстанда Бакыт сыяктуу көмүскөдө, жашынып жүргөн ишкерлер көп. Анткени салыктардын көптүгү, маморгандардагы коррупция жана татаал отчеттуулук «эрежелер менен жашоого» караганда мыйзамсыз иш алып барууга өбөлгө түзөт.

Ал 8 жыл мурда мыйзамдуу иштеп жүргөн күндөрүн эстегенде кыжыры келет: «Бир кабинеттен экинчисине барасың, анан үчүнчүсүнө, төртүнчүсүнө барсаң да бир нерсе кылыш керек. Бул өтө көп убакытты алат. Алар иш бөлмөлөрүндө отуруп алышып, өздөрүн падышадай сезишет. Сага бир кагаз керек дейли, ал 5 сом турат, бирок ал үчүн 200 сом сурашат».

   Алина Печёнкинанын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Чакан бизнес өлкөнү көтөрө алмак

Бакытты угуп отуруп, көмүскөдө жүрүү сонун окшойт дегендей сезилиши мүмкүн. Бирок чынында анын жолу мыйзамсыз, ал эми бизнести өнүктүрүү чектелген. Маселелерди мындай жол менен чечүү Бакыт жана ага окшогон өлкөдөгү башка жүздөгөн бизнесмендер үчүн көйгөй жаратууда: Кыргызстан салык түрүндөгү акчаларды жоготуп гана тим болбой, чакан жана орто бизнес (ЧОБ) көмүскөгө кетип жаткандыктан өлкөнүн өнүгүүсү да жай болууда.

Көптөгөн мамлекеттерде, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө так ошол кичи ишканалар экономикага дем беришет. Чакан жана орточо бизнести ачуу кыйын эмес жана ал жаңы жумуш орундарын түзөт. Чакан компаниялардын ортосунда атаандаштык эң эле жогору. Ушундай бизнестин ээлери мобилдүү жана тапкыч болушат: алар артта калбаш үчүн дайыма жаңы идеяларды ойлоп табуунун үстүндө иштешет.

Бир жагынан Кыргызстан чындыгында эле чакан жана орто ишканалардын эсебинен күн көрөт. Жыл сайын кыргызстандыктар арасында чакан жана орто бизнес кылгандардын саны өсүп жатат. Жалпысынан анын аркасынан жарым миллион киши жумуш менен камсыз болууда: бул чакан бизнеске тиешелүү болгон 400 миң дыйкан чарбасын эсепке албаганда өлкөдөгү жумушчулардын 20% чукулу.

Соода-сатык жана айыл чарбасы — бул Кыргызстандагы ички дүң продукциянын (ИДП) үлүшүнүн көпчүлүгүн түзгөн тармактар (2026-жылы жабыла турган «Кумтөрдү» эске албаганда). Дал ушул эки тармакта чакан жана орто бизнес эң чоң салымын кошот.

Өнүккөн өлкөлөрдө (мисалы, АКШ же Кытайда) ИДПнын жарымынан көбү — бул миңдеген чакан компаниялардын салымы. Ал эми Кыргызстанда бул үлүш 39% түзөт, ал дагы акыркы 10 жылда бир кыйла кыскарып кеткен.

Соңку беш жылда анчейин чоң эмес кирешелүү ишканалардын үлүшү азайган жана 2017-жылы алардын ичинен жарымынан азы гана киреше тапкан. Бул ишкерлердин өз бизнесин өнүктүрө албай калышканын же көмүскөгө кетишкенин айгинелейт.

Бизнес көмүскөгө кетүүдө

«Өлкөбүз өтө бай эмес болгондуктан баары товарлар арзаныраак болсун дешет. Ал эми товарлардын баасын арзандатуу үчүн салык төлөбөгөнгө туура келет», — деп түшүндүрдү Бакыт.

Базар бизнесмендерди көмүскөгө кетире турган эрежелерди таңуулайт деп эсептейт Бакыт. Анын оюнча, ишканалар бири-бири менен да атаандашышы керек, ошондуктан салыктардын бардыгын төлөө пайдасыз.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын так көлөмүн эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Ар кандай эсептөөлөргө ылайык, бул ИДПнын 24 пайызынан 39 пайызына чейин. Көмүскө экономикага мамлекеттен жашырынган кызматтардын жана товарларды өндүрүүнүн бардыгы кирет: бул катталбаган ишканалар жана маяналарды конверттерде алган кызматкерлер.

2008-жылдан тарта чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 6% кыскарган. Ошол эле убакытта көмүскө экономиканын көлөмү дээрлик 5% өскөн.

Экономика министрлиги «Клоопко» берген жообунда, «көмүскө экономиканын масштабы бир далай жана деңгээли жогору экенин» моюнга алган. Мекемеден билдиришкендей, 2019-жылдын мартында бүтө турчу изилдөөлөрдөн кийин көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча план иштелип чыгат.

«Дүйнөлүк практикада бул көрсөткүч нөлгө теңелген өлкөнү табуу кыйын, себеби көмүскө экономиканын табияты көп кырдуу келет жана азырынча бул көрүнүшкө каршы күрөшүүнүн даяр унификацияланган ыкмалары менен куралдары жок», — деп айтышты экономика министрлигинен.

Бирок өнүккөн өлкөлөрдөгү көмүскө экономиканын деңгээли ИДП көлөмүнөн 10-15% көрсөткүчтө турат. Кыргызстандагы бейрасмий иштөө менен көмүскө сектордун кулач жайган масштабы өлкөдө бизнести мыйзамду жүргүзүү үчүн тоскоолдуктар көп экендигин айгинелейт.

Бизнеске ыңгайлуу, бирок жумушчуларга пайдасыз

«Бардык тигүүчүлөр патентсиз, эч кандай эмгек китепчеси жана камсыздандыруу чегерүүлөрү жок иштешет. Бирок тигүүчү патент сатып алып, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп топтолмо фонд түзө алат. Салыкчылар тигүүчүлөргө тийбейт, жумуш берүүчү гана жооп берет», — деп 10 жыл бою тигүү цехинде мыйзамсыз иштеп келген Алтынай (ысымы өзгөртүлдү) айтып берди.

Ал декреттик өргүүдөн кийин жумушка кайра албай коюшкандыктан жумушунан кол жууп калган. Ошондон кийин Алтынай мамлекеттин жумушсуздар үчүн уюштурган бычуу жана тигүү боюнча акысыз ийримдерине барууга аргасыз болгон. Мындан кийин ал мыйзамдуу жумуш издегенге аракет жасап, бирок бул дээрлик мүмкүн эместигин түшүнгөн. Анткени Бишкектеги жана анын чет-жакасындагы тигүү цехтердин көпчүлүгү көмүскөдө иштейт.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн Алтынай эмгек келишими жок иштеп жатса да өз жетекчисине ишенээрин айтат. Бирок ал көмүскө тигүү цехтеринин ээлери кызматкерлерди көбүнчө айылдардан алып келип, аларга түнөк, тамак-аш беришээрин, ал эми жумушчулар болсо өз өлкөсүндө «гастарбайтерлердей» болуп иштешээрине токтолду.

«Адамдар түнөп иштеген цехтер көп. Бирок аларга маяналарын айлап төлөшпөйт, [бөлүп-жарып] беришет. Тигүүчүлөр ал жерлерден кете алышпайт, анткени акчаларын күтүшөт. Цехтердин кожоюндары түн ичинде бардык жабдууларын, кездемелерин көчүрүп кетип, жумушчуларын таштап кеткен учурлар да кездешет», — деп түшүндүрдү Алтынай.

Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун (УСИИ) маалыматына караганда, жумуш берүүчүлөлөрдүн адамдарды ишке бейрасмий алып жатканынын башкы себеби — жумушчуларды оңой жалдап, кайра оңой эле бошотуу. Ушундай жоопту сурамжылоого катышкан бизнесмендердин 73% беришкен.

«Натыйжада кызматкерлер социалдык кепилдиктерисиз калышат: пенсиондук камсыздоо, ооруп калган күндөрү, эмгек өргүүлөрү, жумуштан кеткендеги жөлөк пулдары жана башкалары төлөнбөй калат», — деп жазат УСИИ.

Институттан түшүндүрүшкөндөй, негизинен көмүскөдө атаандаштыкка анчейин туруштук бере албаган адамдар иштешет. Алар: жаштар, аялдар, пенсионерлер, адистиги жок адамдар. Ошол эле кезде алардын маяналары расмий айлыкка салыштырмалуу эки эсе аз.

Чакан жана орто бизнес боюнча эксперт Гүлнара Үскөнбаева мыйзамдуу жумуш таба албаган кыргызстандыктарга көмүскө бизнес мыйзамсыз жумуш табууга жардам берет деп эсептейт. Бизнестин салык төлөбөө мүмкүнчүлүгү бийликти «куткарууда» дейт эксперт.

«Адамдар салык төлөбөгөн күндө деле үй-бүлөлөрүн, жумушчу орундарды түзүү менен кошуналарын кошо багышат. Көмүскө экономика социалдык чыңалууну басаңдатат. Адамдар жан багыш үчүн кээде өлкөнүн мыйзамдарын бузууга аргасыз болушат», — деп түшүндүрөт Үскөнбаева.

    Алина Печёнкинанын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Бизнестин өнүгүшүнө көйгөйлөрдүн көптүгү тоскоол болот

Кыргызстандагы бизнесмендердин көмүскөгө кетүү үчүн себептери жетиштүү.

Үскөнбаеванын айтымында, башкы көйгөй салыктарды башкаруу жана соцфонд төлөмдөрүн ишке ашыруудагы натыйжасыз системада жатат. Бул отчётту тапшыруудагы кыйынчылыктар менен байкалат.

«Чабандарды алып көрөлү. Алар жайлоого кетишип, күзүндө кайтып келишти. Ал ортодо үч ай сайын, ал эми социалдык фонд үчүн ай сайын тоодон түшүп отчёт берип туруулары керек. Бул өнүгүүгө түрткү бермек беле?» — деп суроо салат Үскөнбаева.

Ал кошумчалагандай, бизнесмен үчүн салыктарды төлөө менен үй-бүлөнүн бакубатчылыгы дайыма эки башка тараза ташында турат: «Анын балдары ачка болуп турганда, салыктарды төлөп коюп өзүн ак ниеттүүмүн деп сооротмок беле… Аны менен бирге ишкер бир нерсени баары бир туура эмес кылып коюшу мүмкүн экендигин жана аны каалган учурда айып пулга жыга алышаарын түшүнөт».

Үскөнбаеванын айтымына караганда, насыя алуу мүмкүнчүлүгүнүн начардыгы, ишкерлердин каржылык сабатсыздыгы жана талаптардын абдан көптүгү бизнеске тоскоол жаратат.

«Татаал башкаруу менен ашыкча көзөмөлдөө шартында, [маморгандарга] бир нерсе таап чыгуу дайыма оңой болот. Ишкер ак иштеп жатса деле коррупциялык коркунуч кала берет, анткени биздин мыйзамдарда коррупциялык кемтиктер толтура», — дейт ал.

Экономика министрлигиндегилер бул көйгөйлөрдү моюнга алышат. Ишкерлер мамлекет «административдик функцияларын ыксыз колдонгондуктан» көмүскөгө кетишет деп эсептешет мекемедегилер. Андан тышкары, мекемедегилер билдиришкендей, социалдык чегерүүлөрдүн көрсөткүчү жогору болушу жана мамлекеттин жардамынын жоктугу бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууда.

Бакыт көмүскөгө кеткенден тарта иштөөгө кыйла оңой болуп калганын тастыктайт. Ал маморгандарга убакыт кетирбей, коррупция менен сейрек кездешип калганын айтат. Себеби бийликтегилер анын бизнеси тууралуу дегеле билбейт.

Анткени менен Мамлекеттик салык кызматы «бир катар маанилүү реформалардын» аркасы менен бизнесмендер үчүн майда-чүйдө иштер азайды деп эсептейт.

Эми салык мекемесинен мамлекеттик кызматтарды иш бөлмөлөрдү кыдырып, кезекке турбастан эле «бирдиктүү терезе» аркылуу алууга мүмкүн. Ал эми отчёт менен салыкты онлайн төлөп же тапшырып койсо болот. Бирок азырынча каттоого алынган салык төлөөчүлөрдүн сегизден бир бөлүгү гана электрондук отчёт тапшырат. Ал эми алыстан туруп салык төлөгөндөрдүн пайызы мындан да аз. 2018-жылы мындай төлөмдөрдүн жалпы санынын 0,5% гана онлайн же терминалдар аркылуу төлөнгөн.

Мындан тышкары, салык кызматынан маалымдашкандай, салыкчылар менен бизнесмендердин ортосундагы бетме-бет байланышты азайтууга аракет көрүп жатышат. Анткени бул учурда коррупция болуу ыктымалдыгы өтө эле жогору.

2015-жылдан тарта салык кызматынан тогуз киши коррупция боюнча айыпталып жумуштан бошотулган.

Мамлекеттин аткарган иштери менен убадалары

Аткарылды:

• Бийлик 2007-жылы чакан бизнести мамкелеттик колдоого алуу боюнча мыйзам кабылган алган эле. Бул мыйзам боюнча, мамлекет ишкерлерди колдоо программаларын түзүп, аларга жеңилдетилген насыяларды бериши керек болчу, бирок бул аткарыла элек.

• Бийлик 2021-жылдын 1-январына чейин маморгандар тарабынан ишкерлерди текшерүүнүн бардык түрүнө мораторий киргизген.

• Өкмөт ишкерлердин укуктарын коргой турган бизнес акыйкатчы институтун түзгөн. Бирок акыйкатчы ким болоору белгисиз.

• Мамлекеттик салык кызматы (МСК) социалдык чегерүүлөрдү бирдикүү терезе боюнча ишке ашырууга шарт түзө баштады. Эми бизнесмендер отчётторду эки башка маморганга тапшырып, салык кызматынын жана Соцфонддун кош текшерүүсүнөн өтүүсү кажет эмес.

Убада кылды:

• Салык кызматы ишин санарип форматка өткөрүүнү улантууда. Ал электрондук эсеп-кысап менен товарларды белгилөөнү киргизүүнү, андан тышкары, онлайн кассалык аппараттардын санын көбөйтүүнү пландоодо. Бул салык процедураларын жеңилдетип, коррупцияны азайтышы керек.

• МСК бүткүл республика боюнча «бирдиктүү терезелерди» ачууга камынып жатат. Учурда алар өлкөнүн 37 салык бөлүмүндө жана 18 базарында иштеп жатат.

• Салык кызматы отчёттуулук формасын жөнөкөйлөтүүнү убадалады.

• МСК мектептерде жана ЖОЖдордо салыктар боюнча милдеттүү окутуу курсун киргизүүнү пландоодо.

• Экономика министрлиги бизнести тейлөө борборлорун түзүүнү пландоодо. Ал жерлерден ишкерлер ар кандай консультацияларды ала алышат.

Авторлору: Савия Хасанова, Анна Капушенко
Редакторлору: Дмитрий Мотинов, Анастасия Валеева, Элдияр Арыкбаев

Бул изилдөөнүн үстүндө иш алып баруу Internews уюмунун «Медиа-К» долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду. Долбоорду USAID уюму Дүйнөлүк банк жана IDEM менен биргеликте каржылайт.

Авторлордун тыянактары донорлордун пикири менен дал келбеши мүмкүн.