Бишкекте 2017-жылы күзүндө жаңы кыргыз-түрк клиникасынын курулушу аяктаган. План боюнча ал өзүнө 150 бейтапка чейин батыра алат. Эмне үчүн арадан бир жарым жыл өтсө да оорукана жабык турганын «Клооптун» журналисттери териштирет.
Оорукананын заманбап имаратын 2016-жылы июлда кура башташкан. Курулуш иштерин түрк компаниясы жүргүзгөн, ал эми каражатты Түркиянын өкмөтү бөлүп берген.
Оорукана куруу жөнүндө келишимге үч тарап кол койгон. Алар: Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ), Бишкек мэриясы жана Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттиги (ТИКА). Оорукананын курулушун 2017-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалган. План аткарылып, имарат күзүндө даяр болгон.
Ошондо эле, ССМдин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев «бардык маселелер түрк тараптан макулдашылгандан кийин» оорукана өз ишин баштайт деп айткан.
«Бардык курулуш иштери бүткөндө ооруканага медициналык жабдыктар орнотулат. Ошол эле кезде оорукана кызматкерлерди алуу жүргүзүлөт», — деп билдирген ошондо Масалиев.
Ачылбаган белек
2019-жылдын январь айына карата оорукананын имараты жабык бойдон турат, азырынча ал жакта бейтаптар кабыл алынбайт.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, оорукананын ачылышы 2017-жылдын 31-августуна эле пландалган, бирок ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдин ратификацияланышы кечиктирилгендиктен улам үзгүлтүккө учураган.
«Жаңы технологиясы бар клиникалардай эле [жаңы курулган] ооруканада үч жыл бою Түркиядан тажрыйбалуу адистерди тартуу менен дарылоонун эң оор ыкмалары аткарылышы керек. Ал эң алдыңкы технология жана лаборатория менен жабдылат. Бул үчүн орундар даярдалган», — деп айтты ал оорукананын ачылыш мөөнөтү үч тараптын келишим шарттарынын так аткарылышынан түздөн түз көз каранды экенин кошумчалап.
Осмон Масалиев «Клооптун» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып оорукана иштеши үчүн эки өлкөнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо керектигин түшүндүрдү.
«Бул премьер-министр жана президент аппаратынын деңгээлинде [чечилет]. Бул долбоор узакка иштеши үчүн мыйзамга жаңы эрежелер киргизилүүдө [...] Азыр өкмөттүн аппараты карап жатат», — деп кошумчалады ал.
Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Исаев «Клооптун» журналистине айтып бергендей, өкмөт келишимдин ратификациясы тууралуу документти ССМден өткөн жумада эле алган.
«Жогорку Кеңешке [аны] февралда жөнөтөбүз деп ойлоп атам. Парламенттин процедуралары боюнча, документти жактыруу үчүн бул дагы бир же бир жарым айга созулуп кетиши мүмкүн. Ошондон кийин ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт», — деди Исаев.
Анын айтымында, оорукананы ачууга болжолдуу дагы беш ай кетет. Ал клиниканы эмне үчүн 2018-жылы ача албай коюшканын түшүндүрүп бере алган жок.
«Өткөн жылдын сентябрь айында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон сапарынан кийин гана оорукананын ачылышы боюнча келишимге кол коюлган», — деп кошумчалады ал.
Үч жыл аралыгында биргелешип башкаруу
«Клооптун» кабарчысынын колуна тийген документке караганда, оорукана ачылгандан кийин алгачкы үч жыл биргелешкен кыргыз-түрк көзөмөлүндө болот, андан кийин ал Кыргызстандын башкаруусуна өткөрүлөт.
Бирок буга карабастан, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги дагы үч жыл ооруканадагы ишти координацияламакчы.
Мындан тышкары, Түркия ооруканадагы иш ордуларына түрк адистерин дайындайт, ошондой эле, кыргыз дарыгерлери бул ооруканада иштеп кетиши үчүн аларды түрк клиникаларында окутуп келүүгө милдеттүү. Чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жыл сайын 20 кыргыз дарыгери ээ болот.
Ошондой эле, документте ооруканага башкы дарыгердин кызматына түрк адиси, ал эми анын орун басарлыгына кыргыз дарыгери дайындалаары айтылган. Аларды Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтери дайындашат.
Түркиянын эсебине ылайык, оорукананын алгачкы үч жылдагы ишинин чыгымы 19 млн долларды түзөт, анын ичинен 4 млну түрк адистеринин маянасын төлөөгө кетмекчи.
Бул жалгыз эле уникалдуу жагдай эмес, анткени Оштун бийлиги да 1,8 млрд сом Кытай грантын коротуп шаарда 150 адамга ылайыкталган оорукана курган. Клиниканы 2018-жылдын жай айларында эле ачууну убада кылышканы менен анын эшиги бүгүнкү күнгө чейин бейтаптар үчүн жабык бойдон турат. Оорукананын ачылышы кечигип атканын имараттын айланасында бак-дарак отургузуу жана дубал орнотуу керектиги менен түшүндүрүшкөн. Бул тууралуу кененирээк биздин материалдан окуңуз.
Авторлошу: Айдай Эркебаева