Лысый мөңгүсү. Сүрөт: Жанарбек Жолдошбаев / RFE/RL

Парламенттин «Ата Мекен» фракциясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн өндүрүштүк максатта колдонууга тыюу салууну сунуштаты. Парламент 2017-жылы аталган мөңгүлөрдү сактап калуунун ордуна, алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасынын үзгүлтүксүз иштешин тандашкан.

Жаңы мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү коомдук талкууга 1-февралда чыгарганы жатышат. Ал Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн өндүрүштүк максатта колдонууга тыюу салган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштайт.

«Кыргызстандын жана Тажикстандын мөңгүлөрү Борбордук Азиядагы нымдуулуктун булагы болуп саналат. Мөңгү түрүндөгү суу булактары кургап калса, Кыргыз Республикасы калкты таза суу менен камсыздай албай калат», — деп жазылган мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Эмнени өзгөрткүлөрү келип атат?

Депутаттар Суу кодексинин 62-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат. Азыр ал берене «Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү иш-аракеттерди эске албаганда», башка мөңгүлөрдүн ээришин тездете турган ишмердикке тыюу салат. Мыйзам долбоорунда бул өзгөчөлүктү алып салууну сунушташууда.

Андан тышкары, азыр беренеде «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» «мындай иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну» (ушул эле берене тыюу салган иш-аракеттерди) кабыл ала алат деп айтылат. «Ата-Мекендин» депутаттары өздөрүнүн мыйзам долбоорунда бул абзацты алып салууну сунушташууда.

Демилгечилер эмне деп атышат?

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери жана мыйзам долбоорунун демилгечиси Алмамбет Шыкмаматов бул документтин жардамы менен депутаттар таза сууну сактап калгылары келип атканын «Клоопко» билдирди.

«Мөңгүлөр — бул биздин байлык болгондуктан аларды жок кылууга тыюу салгыбыз келип атат. Таза суу маселелери глобалдык масштабда актуалдуу. Убакыт өткөн сайын таза суу кымбат жана өтө баалуу ресурс болуп калат. Ал эми алтын [мөңгүлөргө зыян тийгизбей] казылып алынышы керек», — деди депутат.

Ал мөңгүлөрдү коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун учурда коррупция айыбы боюнча жазасын өтөп жаткан фракциянын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин суранычы менен даярдашканын кошумчалады.

Дегеле кеп эмне жөнүндө болуп атат?

Кыргызстандын Суу кодекси Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн кошпогондо, башка мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен иш-аракеттерге тыюу салат.

Бул өзгөчөлүк 2017-жылы парламент Суу кодексине өзгөтүүлөрдү кабыл алгандан кийин киргизилген. Ошол учурда Кыргызстандын президенти болуп турган Алмазбек Атамбаев дагы өзгөртүүлөрдү колдогон.

Ал учурда өлкөнүн башкы алтын казуучу «Кумтөр» ишканасы «үзгүлтүксүз иштеши» үчүн Суу кодексин өзгөртүшкөн. Түзөтүүлөр «Кумтөр» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн ээришине алып келиши мүмкүн иш-аракет жүргүзүүгө уруксат берген.

Өкмөттүн эсебине ылайык, кен чыккан жерлердеги иштердин аякташынан кийин Давыдов мөңгүсүнүн аянты 70%, Лысый мөңгүсүнүн аянты 20% кыскарат.

Укук коргоочулар менен экологдор бул экологиялык кыйроого алып келет деген жарыя менен билдиришип,билдиришип,бир нече жолу мөңгүлөрдү сактоо боюнча митингдерге чыгышкан.

«Кумтөр» компаниясы Кыргызстандын экологиясына зыян үчүн жыл сайын 3 млн доллардан төлөп туруу милдетин алган. Ошондой эле ал Жаратылышты өнүктүрүү боюнча фонд түзүп, ал жакка 50 млн АКШ долларын салышы керек.