Иллюстративдүү сүрөт. Dave Dugdale / Flickr

«Коопсуз шаар» долбоорун 12-февралдан тарта сынай башташат. Эгер сиз автомобилист болсоңуз (болбосоңуз да) бул жөнүндө эмне билүү керек?

Мамбайланыш комитетинин басма сөз катчысы Анара Мамытова программалык камсыздоонун жана видео байкоо камералардын иши ийгиликтүү координацияланганын жана 12-февралда «Коопсуз шаар» тесттик режимде ишке кирээрин «Клооптун» кабарчысына айтып берди.

Долбоорду ишке киргизүү даярдыгы тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

«Мониторинг жүргүзүү борборубуз тесттик да, жумушчу да режимде иштөөгө даяр. Биз кызматкерлерди даярдап жатабыз. Ал эми канча убакыт [тесттик мөөнөткө бөлүнгөнү] боюнча биз жооп бере албайбыз», — деди ал.

«Коопсуз шаарды» ишке киргизүү жөнүндө эмне белгилүү?

Мамытованын айтымында, 12-февралда тесттик ишке киргизүү учурунда Бишкектин 10 кесилишинде, анын ичинде Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдорунда орнотулган 17 камера иштей баштайт.

Мындан тышкары, 12-февралда Кыргызстандын ар кандай жолдорунда убактылуу орнотула турган 20 көчмө камера ишке кирет (мындай камералар күндүз гана иштейт).

Мамбайланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев 17-январда «Коопсуз шаардын» биринчи баскычы май айынын ортосунда аягына чыгышы керектигин билдирген. Бул убакытка чейин долбоорду аткарып жаткан орусиянын «Вега» компаниясы Бишкектин 38 кесилишин камералар менен жабдуулашы керек. Бул камералар токтотмо сызыктан чыгуу же жол чырактын кызыл белгисинен өтүү сыяктуу эреже бузууларды каттамакчы. Ал эми унаа ылдамдыгын жогорулатуунун үстүнөн кошумча төрт камера көзөмөл жүргүзөт.

Бишкектен тышкары, камералар республикалык жолдорго да орнотулмакчы: Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Балыкчы, Бишкек — «Манас» аэропорту жана Бишкек — «Ак-Жол» өткөрмө жайы. Ал жакта 48 камера пайда болуп, алардын көпчүлүгү ылдамдык режимин сактоого байкоо жүргүзүшөт.

Мындан ары эмне болот?

«Коопсуз шаардын» экинчи баскычы биринчисине караганда масштабдуураак: ал Кыргызстандын аймактарын камтыйт, анын ичинде Ош, Талас, Нарын, Каракол, Чолпон-Ата жана башка шаарлар бар. Азырынча долбоордун жалданмачысы жок — ал тендердин жыйынтыгы боюнча аныкталмакчы. Мамытованын айтымында, тендер «жакынкы убакта» өткөрүлүшү керек.

Ал аны 2018-жылдын декабрында эле өткөрө алышмак экенин түшүндүрдү. Бирок тендер жылдырылып, ИИМ менен жергиликтүү администрациялар Мамбайланыш комитетине камералар орнотула турчу жерлердин санын 230дан 270ке чейин көбөйтүүнү сунушташкан.

«Ошого байланыштуу техника-энономикалык негиздеме [өзгөрүп кеткен] — [камера] коюлуучу жерлердин саны көбөйгөндүктөн, [долбоордун] баасы да өскөн», — деп айтып берди Мамытова.

«Коопсуз шаардын» ишке кириши менен кайсы автомобилисттерде көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн?

Автоунааларын ишеним кат боюнча саткан адамдар штрафтарды өз аттарына алуу коркунучу бар. Бирок, Оторовдун айтымында, мындай штрафтарды сотто талашып алуу мүмкүн. Мындай жагдайларга кабылбаш үчүн автоунааны сатууда башкы ишеним каты менен чектелбей, аны сатып алуучу адамга каттатыш керек.

2018-жылдын апрелинен июлга чейин автоунааны жеңилдетилген баада каттатууга мүмкүн болгон. Бул машиналарын башкы ишеним каттары менен сатып жиберишкен кыргызстандыктар унаанын сатылгандыгын тариздетип алышы үчүн жасалган. Азыр жеңилдетилген мезгил дагы деле уланып атканы менен машинаны кайра каттатуунун баасы үч эсе жогорулаган.

Мамкаттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы автоунааларды кайра каттатуу боюнча кызматты 244 миң адам колдонгон — 2017-жылы бул сан болгону 77 миңге чукул адамды түзгөн.

«Стилсофттон» баштап «Вегага» чейин

Бийлик жолдордо коопсуздукту жакшыртуу жана жол кыймылынын эреже бузууларын аныктаган «Коопсуз шаар» долбоорун 2011-жылы эле ишке киргизүүнү сунуштаган. Бирок анын ишке кириши дайыма жылдырылып келген.

Орусиянын «Стилсофт» компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи жалданмачысы боло алмак. Бирок долбоор боюнча келишим бузулуп, анын артынан сот териштирүүлөрү башталып кеткен. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун учурунда «Коопсуз шаарды» Кытайдын «Хуавэй» компаниясы ишке ашырууга белсенген. Бирок бул компания менен да кызматташтык келишимди жокко чыгаруу менен аяктаган.

Айрым учурларда бийликтегилер «Коопсуз шаарды» өз күчү менен ишке берүүгө даяр экенин айтып чыгышкан. Бирок 2018-жылы сентябрда долбоорду Орусиянын «Вега» концерни утуп алган. Компания долбоорду ишке ашыруунун баасын 2,3 млрд сомго баалаган.