Парламент депутаттары жыйында мобилдик оюн ойношуп, бул үчүн эскертүү алышты

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков өз партиялаштары Айтмамат Назаров менен Салайдин Айдаровго эскертүү берди. Анткени алар фракциянын жыйыны учурунда телефондорунан оюн ойношкон. Буга чейин коомдук желеде мобилдик оюндарды ойноп жатышкан депутаттар тартылган видео жайылып кеткен.

Зачем кормим этих бездельников ?

Posted by БеспределKG on Friday, February 1, 2019

Баатырбеков «Клооптун» журналистине оюн ойногон эл өкүлдөрү жөнүндө соцтармактардан укканын билдирди.

«Мен экөө менен тең сүйлөшүп, өз эскертүүлөрүмдү айттым. Отурум учурунда алар өздөрүн ушинтип алып жүрүшкөндөрү аларды жакшы жактан көрсөтпөйт», — деп «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери билдирди.

Ал жыйында депутаттар мамлекеттик ипотеканы талкуулап, интернеттен Бишкек менен Нарындагы үйлөрдүн баасын текшерип жатышканын түшүндүрдү.

«Ал учурда [депутаттардын] бардыгы телефондорун колдонуп атышкан», — деп түшүндүрдү Баатырбеков.

Ал эми материал жарык көрөөр алдында Назаров менен Айдаров комментарийлер үчүн жеткиликсиз болушту.

Назаровдун консультанты Нарынкүл Арзыматова «Вечерний Бишкек» басылмасына «жаңылыштык» болуп кетти деп түшүндүрдү.

«Фракциянын жыйыны баштала элек болчу. Муну өзүңөр деле көрүп, ынансаңар болот. Себеби ал жерде болгону үч депутат гана отурат. Айтмамат Кошоевич ошол маалда телефонун өчүрөйүн деп аткан. Ошол маалда журналисттер аны тартып алышкан экен», — деди ал.

Телефондорунан оюн ойноп аткан депутаттар тартылган видео 2-февралда фейсбуктагы «Беспредел КГ» деген тайпада пайда болгон. Видеонун авторлору, Next.tv телеканалынын журналисттери депутаттар фракциянын жыйынында ойношкон деп ырасташууда.