Ушундай муунтуу учурунан кийин Аман менен Айпери бирге жашап калышкан. «Акшоола» сериалынан алынган скриншот, КТРК

Кыргызстандын башкы КТРК телеканалы «Акшоола» сериалын көрсөтүүнү аяктады. Тасманын жүрүшүндө каарманды каршылык көрсөткөнүнө карабастан ала качышып, жыйынтыгында кыз ала качкан адамын жакшы көрүп, аны менен чогуу жашап калат. Сериалдын жаратуучулары кыз ала качууга өзү себепкер болгонун, ала качуу болсо кыргыздардын «салттарында илгертеден эле болгон» деп эсептешет.

2018-жылы октябрдын ортосунда КТРКда башталган «Акшоола» сериалы телерадиокомпанияга миллиондогон көрүүчүлөрдү алып келди. Сериал адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн Акшоола аттуу журналисттин окуясынын негизинде тартылган.

Сериялардын биринде Аман аттуу жигит Айпери аттуу каарман кызды турмуш куруу максатында ала качып кетет. Буга чейин алар болгону бир нече жолу гана жолугушкан болушат.

Амандын үйүнө ала качып келинген кыз каршылык көрсөтүп, ыйлап, ага турмушка чыкпасын айтат, бирок баланын туугандары кызды калууга көндүрүшөт. Кийинки серияда Айпери башына ак жоолук салынып, багынып берген түр менен диванда отурган кезде күйөөсү аны жөн жерден эле инисин азгыргандыкка айыптайт — кызгануу сахнасы Амандын келинди муунтуу аракети менен аяктайт.

Дагы бир нече серияны каармандар мамилелерин чечүүгө кетиришет — кыз дайыма ыйлап, Аман менен жашабай тургандагын айтат.

Бирок кийинки сериясында сюжет боюнча адилетсиздик менен күрөшүшү керек болгон башкы каарман Акшоола «аял тагдырынын татаалдыгы» жана «аялдык бакыт» жөнүндө ой толгоп, Айперини кал деп көндүрөт. Мындан кийин Айпери өз «каталарын» түшүнүп, күйөөсүн сүйөөрүнө жана аны менен калгысы келгендигине көзү жетет. Алар бири-бирин кучактап, баары жакшы болоору жөнүндө сүйлөшүп отурушат.

Режиссёр Ырыс Окенованын айтымында, тасма жаратуучулары бул серияда кыздар балдарга олуттуураак мамиле кылышы керектигин көрсөткүлөрү келген. Ал Айпери ала качууга өзү жол берген, буга чейин аны ала качып кеткен жигитке ашык болумуш этип, жолугушуп жүргөн деп айтууда.

«Ала качуу — бул кыздын макулдугун албай, көрбөй-билбей эле уурдап кетүү. Бул жерде жигит үйлөнгүм келет, апам менен тааныштырам деп айтпадыбы, бирок кыз күлүп туруп, ага ашык болумуш этти. [...] Мисалы, азыр кыздарда биринчи да, экинчи да, үчүнчү да варианттары бар — бирөө менен сүйлөшүп жүрүп, башкага турмушка чыга алышат. Акыры кандай болуп жатат? Жаш жигит менен таанышып жатканда ушинтип курулай ашык болбой тамашасыз мамиле кылыш керектигин көрсөткүбүз келген. Жашоодо мындан жаман нерселер да болот, ала качуунун жапайы вариантын да тартсак болмок, бирок биз биринчи каналбыз, биз мындайды жөн гана көрсөтпөйбүз», — деди Окенова.

Режиссёр ала качуу — бул кыргыздардын салты жана ала качуудан кийин бактылуу жашап калган үй-бүлөлөрдүн окуялары бар деп эсептейт.

«Негизи мен ала качууга каршымын, бирок 100 окуянын ичинен бир же экөөсү эле бактылуу, алар жашап жана үй-бүлө курушат. [...] Бул бизде илгертеден эле болгон, азыр эле Батыштын жардамы менен ала качууну жапайычылык катары кабыл ала башташты. Бул биздин салттарда бар жана аны кандайдыр бир жапайы образга айлантып салышты. Бизге кандайдыр бир кылмышты тарткансыган мамиле жасабагыла», — деди Окенова.

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков сериалды чыгаруу чечимин өзү кабыл албасын — муну телеканалдын көркөм кеңеши чечээрин «Клоопко» айтты. Бирок Карыпбеков да сериалда «ала качууну актаган» эч нерсе жок деп эсептейт.

«Бишкектин феминисттик демилгесинин» активисти Фарида Лансарова коомдун гендердик зомбулук жөнүндө калыптанып калган ойлорун трансляциялабаш үчүн КТРК гендердик экспертиза боюнча комитет түзүшү керек деп эсептейт.

«Медиалар дайыма адамдардын аң-сезимине таасир этишет, анткени дал ошолор бизге сулуулуктун жана жүрүм-турумдун стандарттарын көрсөтүп беришет. КТРК ири медиа катары башка позицияны угушу үчүн гендердик экспертиза түзүшү керек. [Эфирге кетирүү үчүн] сериалдар менен тасмаларды жактырган көкөм кеңештин курамында жарандык активисттер болушу керек», — деди Лансарова.

Бул эмнеге жаман? («Клооптун» редакциясынан)

«Акшоола» сериалы 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнөн жарым жыл өткөндөн кийин эфирге чыкты. 2018-жылдын майында ала качуунун ийгиликсиз аракетинен соң жигит Бурулайды милиция бөлүмүндө өлтүргөн. Өлтүрүүгө шектелген бала 20 жылга эркинен ажыратылган.

Өлкөнүн башкы каналында (Кылмыш-Жаза кодекси менен жазаланган) зомбулук актысын чагылдыруу жана ала качууну кандайдыр бир «нормалдуу» нерсе катары көрсөтүү коомдун бул кылмышка карата мамилесин өзгөртөт жана бул кылмышты жасагандардын аракеттерин актайт.

Аялдарга каршы зордукту (башка бирөөгө каршы зордукту да) актабоо зарыл, тескерисинче бул үчүн айыпташ керек.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине ылайык, аялдын эркине каршы никеге туруу максатында аны ала качуу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргызстандагы ала качуу тууралуу, андан тышкары бул кантип аялдардын жашоосуна балта чаап жатканы жөнүдө көбүрөөк билгиңиз келсе төмөнкү материалдарды окуңуз.