Жээнбеков мектептерди жемкорлукка каршы күрөштөн түшкөн акчага курууну чечти

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №96 мектептин ачылышында. 2018-жылдын 1-сентябры. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин №69 жана 12 мектептеринин окуучулары менен жолугушууда билдирди. Ал мектептерге 6-февралда барган.

Президент айрым мектептерде окуучулардын саны ашыкча болуп атканын белгиледи.

«Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. [...] Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», — деди президент.

Бийлик коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар которулган атайын эсепти 2018-жылы июлда ачкан. Ошол эле жылдын нобрына карата эсепке түшкөн акчанын суммасы дээрлик 569 млн сомду түзгөн. Ал жакка акчаларды көбүнесе финпол которгон.

Кыргызстандагы мектептердин коопсуздугуна жана курулуш маселелерине изилдөө жүргүзгөн «Булан институтунун» эсептөөлөрү боюнча, Чүй облусунда 225 орундуу мектепти курууга орто эсеп менен 55 млндон 100 млн сомго чейин каражат сарпталат.

Коррупцияга каршы президенттик күрөш

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенттик кызматына келгенден кийин коррупцияга каршы күрөштү өз ишинин артык берген багыты катары жарыялаган. Жээнбеков бир нече жолу жемкорлорду аябастыгын, андан тышкары, үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербестигин айткан.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кампаниянын жыйынтыгында чоң мансаптагы аткаминерлер камакка алынган, алардын көпчүлүгү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү: экс-премьер Сапар Исаков жана Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Абраимов.

Атамбаев Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү ыкмасын «аңчылык» деп атаган, бирок президент коррупцияга каршы күрөшкө жамынуу менен саясий каршылаштардан өч албастыгын билдирген.

Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыгы боюнча декабрь айында курган басма сөз жыйынында коррупцияга каршы текшерүү дагы бир чоң мансаптуу аткаминер Райымбек Матраимовго да жетээрин убада кылган. Ал эми финпол Матраимовдун мүлкүн 31-январда текшере баштаган.