Президенттик аппарат: Финпол Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭКККМК) түштүк бажысынын экс-башчысы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Декабрда президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн басма сөз жыйынында Матраимовдун мүлкүн укук коргоо органдары текшерет деп убада кылган.

Маалымат саат 16:11де жаңыртылды

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева финпол Матраимовдун мүлкүн текшере баштаганын тастыктады.

Маанилүү: Финполицияда Райымбек Матраимовдун тууганы Исламбек Матраимов иштейт. Ал мекеменин ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгын жетектейт.

Ал эми финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур мүлктү текшерүү 27-январда башталганын «Клооптун» кабарчысына маалымдады.

«Тилекке каршы, [Матраимовдун кайсы мүлкү текшерилээрин] айта албайбыз — бул материалдардын каралышына таасир этип коюшу мүмкүн», — деди ал.

Анын айтымында, финполдо Исламбек Матраимовдун ведомствонун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгын жетектеп аткандыгынан «кызыкчылыктар кагылышын» көрүшкөн жок.

«Тууганы иштеп аткан [Райымбек Матраимовдун] бөлүм — бул биздин кызматкерлер үчүн гана жооптуу коопсуздук кызматы. Ал иликтөөгө, арыз берүүчүлөрдүн кайрылууларына таасир этпейт жана кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес», — деди Пискур.

2018-жылы 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында укук коргоо органдары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшеришет деп убада кылган. 2017-жылы февралда «Азаттыктын» журналисттери аткаминердин наамындагы хан сарайларды, супермаркеттерди жана спорт ордолорун табышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын «көмүскө кардиналы» деп атаган. Ошол кезде премьер-министр болуп турган анын жакың үзөңгүлөшү Сапар Исаков Матраимовду Жээнбеков президенттик кызматка келгенге чейин бир күн мурда бажы кызматынын жетекчи орун басарлык кызматынан алган. Бирок 2018-жылдын ортосунда сот Матраимовду кызматка кайтарууну токтом кылган, анткени ал «саясий мүнөздөр менен бошотулган».