Иллюстративдүү сүрөт. Pressfoto / Freepik

5-февраль күнү Кыргызстандын башкы «Манас» аэропортунун иши бомба тууралуу маалыматтан улам үзгүлтүккө учураган. УКМК милиционерлер менен чогуу бир нече саат бою аба майдандан жарылуучу зат издеген.

Жыйнынтыгында эч нерсе табылган эмес — аэропорттон билдиришкендей, аба майданды жабуудан улам Москва жана Новосибирск каттамдарын үч саатка кечиктирүүгө туура келген. Имараттан миңге чукул адам эвакуацияланган. Учурда адистер каттамдардын кечиктирилишинен жана эвакуациядан кийинки зыянды эсептешүүдө.

Ошол эле күнү кечинде Ош аэпортуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат пайда болуп, анын иши да үзгүлтүккө учураган. Бирок ал жактан да эч бир жарылуучу зат табылган эмес. Атайын кызматтардын өкүлдөрү аэропорттордон тышкары «бомбаны» эки авиакомпаниянын кеңсесинен да издешип, бирок ал жактардан да эч нерсе табылган эмес.

Андан тышкары, ошол эле күнү бомба тууралуу билдирүүлөр башка өлкөлөргө да түшкөн. Орусиянын борбору Москва шаарында мындай билдирүүлөрдөн кийин 50гө чукул адам эвакуацияланган. Имараттарда бомба бар болгондугу тууралуу түшкөн маалыматтардын ичинде мектеп жана университеттер да бар.

Ошондой эле, 5-февралда Белорусиянын борбору Минск шаарынын имараттарынын биринде да бомба издөө иштери жүргүзүлгөн. Бардык учурларда маалыматтар жалган болуп чыкан, ал эми кыргыз аэропортуна коюлган бомба тууралуу маалымат УКМКнын версиясы боюнча, электрондук почта аркылуу келип түшкөн.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев ошол күнү өзүнүн твиттеринде бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтардан улам коомдук жайларды жабуунун пайдалуулугу боюнча суроо салган.

Атайын кызматтардын объектилерге бомба орнотулгандыгы боюнча маалыматтарга реакциясы — бул кадимкидей эле дүйнөлүк практика.

Мисалы, Данияда полиция бомба тууралуу ар бир маалыматка реакция жасайт, ошол эле маалда алар жарылып кетиши ыктымал түзмөктү зыянсыздандыруу же детонациялоо үчүн атайын роботту колдонушат.

Украина менен Орусиянын атайын кызматттары да эгер бомба жөнүндө маалымат түшсө объектке барып, эвакуация иштерин жүргүзүшөт.

«Эгер теракт пландала элек болсо, адатта ал жөнүндө эскертишпейт»

УКМК башчысынын мурдагы орун басары жана коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков «Клооптун» журналистине курган маегинде түшүндүргөндөй, эгер теракт пландалган болсо, анда адатта анын уюштуруучулары чалып бул тууралуу эскертишпейт.

«Негизи 90-95 пайыз учурда мындай коркутуулар эч нерсеге алып келбейт. Бирок ошентсе да УКМКнын ыкчам кызматкерлери ар бир маалыматка реакция кылышы керек жана реакция жасашат», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын атайын кызматтары коюлган бомба тууралуу жашыруун билдирүүлөрдү сактап талдашат, ошондой эле ушул сыяктуу маалымат базасы менен коңшу өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен алмашышат.

«Технологиялардын өнүгүшү менен бомба тууралуу маалымат кай жерден түшкөнүн издөөгө кыйын болуп бара жатат. Жыл сайын мындай кабарлар көбөйүүдө. УКМКда иштеп турганымда жылына мындай билдирүүлөр 10-15 жолу түшүчү, кээде болсо айына 20 жолу», — деди Медетбеков.

Анын айтымында, бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин атайын кызматтар бул кимге пайдалуу болушу мүмкүн деп ойлонуп көрүшү керек.

Эксперт белгилегендей, өлкөдө саясий чыңалуулар байкалып жатканда же башка өлкөлөрдөн чоң аткаминерлердин келиши пландалып атканда бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөрдүн саны көбөйөт.

«Орусияда жакында эле бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөрдүн толкуну болгон [...] А бизге так ошол учурда алардын [тышкы иштер] министри Сергей Лавров келген эле. Ушуга байланыштуу болушу мүмкүн деп ырастабайм, бирок бомба тууралуу ушундай билдирүүлөрдүн ортосунда кандайдыр бир байланыш болушу мүмкүн», — деди Медетбеков.

Коопсуздук боюнча эксперт Марат Иманкулов «Азаттык» басылмасына билдиргендей, бомба тууралуу билдирүүлөрдү калтыргандардын башкы максаты бийликти эмес, калкты коркутууда.

«Бул өзүнүн идеологиясын таңуулап, артыкчылыгын көрсөтүү аракети болушу мүмкүн. Ошондуктан, мен ушундай уюмдар өздөрүнүн адамдары аркылуу атайын бул сыяктуу билдирүүлөрдү жибериши мүмкүндүгүн четке какпайм. Мындан тышкары, муну кылмыш топторунун өкүлдөрү да кылышы мүмкүн», — деди Иманкулов.

Мындай чабуулду уюштуруу кыйынбы? Эксперттер жок дешүүдө

«Медуза» басылмасы аныктагандай, бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүнү жиберүү үчүн интернеттин иштешин жана автоматташтырылган чалуулардын системалары боюнча негизги билимдер болушу керек. Интернетте үндү механикалык жол менен жасалмалоо үчүн каражаттар жеткиликтүү, бирок эгер адам кааласа мындай чабуулду дээрлик бардык компьютерлерде же смартфондордо орнотулган «скайптын» жардамы менен эле уюштура алат.

Интернет жана анын сервистери кандай иштегенин билбеген адамга мындай чабуулардын уюштуруучусун аныктоо кыйын. Бирок атайын кызматтарда бомба тууралуу маалыматтын артында ким турганын аңдуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ага карабастан, муну дайыма эле ыкчам ишке ашыруу мүмкүн боло бербейт.

2018-жылы Кыргызстанда Борбордук Азия Америкалык Университетинин имаратында, Бишкектин Орто-Сай базарында жана башка жерлерде бомба коюлгандыгы тууралуу жашыруун билдирип турушкан. Бирок бир дагы билдирүү тастыкталган эмес. УКМК ал билдирүүлөр кимден келип түшкөнүн эмдигиче аныктай элек.

Кыргызстанда теракт даярдоо жөнүндө көзкөөрүнө жалган маалымат үчүн 3 жылга чейин тартипке салуу иштери боюнча жаза каралган. Андан тышкары, 260 миң сомго чейин айып пул же болбосо 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы колдонулат.