Бизнесмен Бабур Төлбаев онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич сатып алууга каражат чогултканын жана ал Кыргызстанга үч айдан кийин келип калаарын билдирди. Бул апппаратты Кыргызстанга алып келүү боюнча биринчи эле аракет эмес — 2019-жылдын февралынын башында тездеткич сатып алуу боюнча башка да тендер аягына чыккан.

«Мол-Булак» компаниясынын башчысы Бабур Төлбаев ырааттуу тездеткич сатып алууга каражат тапканын, аны өз компаниясынын акционерлери бөлүп беришкенин билдирди.

«Аз гана калды, үч айдын ичинде Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү, баасы 1 400 000 доллар турган алгачкы ырааттуу тездеткич келет. Аталган машина нур терапиясындагы жаңы технология болуп саналат. Мындай аппараттар дүйнөнүн алдыңкы клиникаларына коюлат — бул биздин көптөгөн жарандардын айыгып кетишин тездетүүгө мүмкүндүк берет», — дейт Төлбаев.

VARIAN HALCYON ырааттуу тездеткичи

Төлбаев тездеткич сатып алуу үчүн акча жыйноо демилгеси тууралуу биринчи жолу 2017-жылдын январында айтып чыккан жана ошондон бери, анын айтымында, каржы булактарын издеп, меценаттарга кайрылган.

Жаңы тездеткич «Апаке» фондусунун базасында түзүлгөн нур терапия борборуна коюлат.

«Идея боюнча бул Кыргызстанда пайда боло турчу алгачкы ырааттуу тездеткич. Улуттук онкология борборунда ал алты-жети айдан кийин гана пайда болот», — дейт «Жардам берген оңой» фондусунун жана Алгачкы балдар хосписинин башчысы Динара Аляева.

Аляева Кыргызстандын онкологиялык оорулуулары үчүн заманбап ырааттуу тездеткич керектиги тууралуу маселени 2016-жылы эле көтөрүп чыккан. Ал учурда өлкөдө бир нече аппарат болгону менен алардын эскилиги жетип, андыктан тереңдеги шишиктерди дарылай албай жарым-жартылай гана иштеп турган учуру болчу.

Тездеткич үчүн каражатты дагы кимдер издеген?

2016-жылы «Жардам берген оңой» кайрымдуулук фонду тездеткич сатып алууга акча чогулта баштаган.

«Ырааттуу тездеткичтин баасы миллиондогон долларды түзөт — эки да, үч да, 7 млн долларга да сатып алса болот. Биз 60 000 доллар чогулттук — бул акча жада калса аппараттын бир жылдык тейлөөсүнө да жетпейт. Өкмөт “Кумтөр” акча берип жатат деп билдиргенде биз каражат жыйноонун токтотконбуз», — дейт Динара Аляева «Жардам берген оңой» фондусу чогулткан акча сакталып калганын кошумчалап.

«Кумтөр» 2017-жылы сентябрда онкологиялык борбор үчүн заманбап жабдык сатып улууга 10 млн. доллар бөлгөн, анын ичинен жети миллиону тездеткич сатып алуу үчүн Онкокызматты колдоо фондусуна которулган. Тездеткич сатып алуу үчүн биринчи тендер 2018-жылдын январында гана араң өткөрүлүп, андан соң жылдырылып жана токтотулуп келген. Акыр-ягында үчүнчү жолу өткөрүлгөн тендерден кийин ырааттуу тездеткичти Улуттук онкологиялык борборго MN Medical OU компаниясы алып келип берээри жарыяланган.

Ошентип 2019-жылы Кыргызстанда эки ырааттуу тездеткич пайда болушу мүмкүн. Бирок адистер 6 миллиондук Кыргызстан үчүн мындай аппараттын 20 чактысы керек деп эсептешет.

Тездеткич эмне кылат?

Бөлүкчөлөрдү ырааттуу тездеткич — бул адамдын соо клеткаларына болушунча аз зыян тийгизип, өсмө клеткалары менен күрөшкөн аппарат. Радиотерапия үчүн пайдаланылган алда канча эски аппараттардын коштомо зыяны абдан көп болчу.

Азыркы ырааттуу тездеткичтердин көпчүлүгү компьютер менен башкарылат, ал кайсы жерге нурдун агымын жибериш керек экенин абдан так эсептеп бере алат.

Ырааттуу тездеткичтин өзгөчөлүгү — ал нурга өсмө шишигинин формасын алууга жол бергенинде. Андыктан өсмө клеткалары жок кылынып, тегеректеги соо клеткалар кала берет.

Онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич жөнүндө бул жерден кененирээк окуңуз.