«Коопсуз шаар» боюнча эреже бузуулар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн ЖКККББга 10 күн талап кылынат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымдагандай, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн штрафты каттоого жана иштеп чыгууга 10 күн талап кылынат.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, эреже бузуулардын так саны 20-февралдан кийин белгилүү болот. Эреже бузуулар боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу ишине юридикалык баа берүү да кирет.

«Айыпсыздык презумпциясы бар. Биз эреже бузуу барбы же жокпу деп карап чыгышыбыз керек. Биз бардык маалыматтар агымына баа беришибиз керек. Мындан кийин атайын кызматкер электрондук кол тамга менен конвертке [мөөр басып], [протоколго] кол коюп, “Кыргыз почтасы” даректелүүчүгө [катты] жөнөтөт», — деп түшүндүрүп беришти басма сөз кызматтан.

Бирок ЖКККББдан «Коопсуз шаар» иштей баштагандан бери система канча эреже бузууну каттаганы боюнча суроого жооп бере алышкан жок.

«Азыр [эреже бузуулар боюнча маалыматтар] түштү, карап атабыз. Канча эреже бузуу экенин кошумча айтабыз [...] балким 22нен [февралдан] кийин», — дешти ЖКККББдан.

«Коопсуз шаар» системасы Кыргызстанда 12-февралда иштей баштаган. Камералар эреже бузууларды Бишкекте, Чүй облусунда жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдорунда каттай баштаган. Азырынча алар эреже бузуулардын жети түрүн каттайт:

• жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүү

• жолдун каршы тилкесине чыгуу

• жолдун чети, тротуар, газон жана жөө кыя менен жүрүү

• жол чырактын кызыл түсүндөгү токтоо сызыгынан өтүү

• айдоочунун жөө кыя талаптарын сактабагандыгы

• айдоочунун токтоо менен унаа токтотуучу жайлардын талаптарын сактабагандыгы

• белгиленген ылдамдыктан ашыруу

Мындан тышкары Чүй облусунда 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстери (АПК) иштеп, жол кыймыл эреже бузуулардын эки түрүн аныктайт — ылдамдыктан ашыруу жана кош чийинден өтүү.

Тема боюнча:

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» ишке киргизилди. Айдоочу билиши керек болгон айып пулдун түрлөрү жана өлчөмдөрү

Жол инспекциясы жөө жүргүнчүлөргө айып салганы турат. Бул кантип ишке ашат?