Жол инспекциясы жөө жүргүнчүлөргө айып салганы турат. Бул кантип ишке ашат?

Иллюстративдүү сүрөт. Булагы: «Кабар» басылмасы

ЖКККББ өз инспекторлорун планшеттик компьютерлер менен жабдууну пландоодо. Алардын жардамы менен инспекторлор жол кыймыл эрежелерин бузган жөө жүрүүчүлөрдү аныкташат. Бул кантип иштээри жөнүндө айтып беребиз.

ЖКККББнын жетекчи орун басары Нур Сатыбалдиев инспекторлор үчүн планшеттик комьютерлерди сатып берүү — бул «Коопсуз шаардын» компоненттеринин бири экенин «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдирди.

Сатыбалдиев жарандардын бардыгы эле жандарына паспорт же башка өздүгүн тастыктаган документтерди алып жүрүшпөгөнүн, ошондуктан инспекторлорго эреже бузгандардын өздүгүн аныктаган электрондук система керектигин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, жаңы мыйзам боюнча милиционерлер жарандарды үч сааттан ашык убакыт кармоого укуктары жок. Планшеттик компьютерлер эреже бузуучуларды аныктап, бул убакыт аралыгында тийиштүү иштерди кылып жетишүүгө жардам берет.

Бул кандай иштейт?

• Планшеттер МККнын жарандар тууралуу бирдиктүү маалымат базасына кошулат.

• Инспектор өзүнүн жеке коду менен бул маалымат базасына кирет.

• Эреже бузган адам инспекторго аты-жөнүн айтат, ал эми инспектор болсо аны маалымат базасынан издейт. Ал жакта жарандын сүрөтү да болот, ошондуктан башка бирөөнүн атын айтып кутулуп кетүүгө мүмкүн болбой калат.

• Эреже бузуучуну аныктагандан кийин инспектор электрондук же кагаз түрүндөгү протокол түзөт.

Эгер эреже бузган адамдын айтылган аты маалымат базасы менен дал келбесе же деги эле анын аты базада жок болсо (эгер адам биометрикалык маалыматтарды тапшыра элек болсо ушундай да болушу ыктымал), анда инспектор эреже бузган жөө жүргүнчүнү жакынкы милиция бөлүмүнө алып барууга тийиш.

Сатыбалдиев планшеттерди сатып алуу үчүн ЖКККББ мамбюджеттен акча алышы керектигин түшүндүрүп, бирок кеп канча каражат жөнүндө болуп атканын айткан жок. Анын айтымында, 2019-жылы ЖКККББ Бишкектин инспекторлору үчүн 400 компьютер сатып алууну пландап жатат. Андан кийин планшеттер менен «Коопсуз шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу менен катар башка аймактардын да инспекторлору камсыздалат.

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда иштеп баштаган. Камералар жол кыймыл эрежелерин бузууларды Бишкекте, Чүй облусунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда каттай баштаган. Азырынча алар эреже бузуулардын жети түрүн катташат.

Мындан тышкары, Чүй облусунда 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштейт. Алар жол кыймыл эреже бузуулардын эки түрүн аныкташат: ылдамдыкты чегинен ашырууну жана кош чийинден өтүүнү.