Мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы (УКМК) Мурат Суталинов акыркы даражадагы рак илдети менен ооруйт — ал паллиативдик жардамга муктаж. Сот атайын кызматтын мурдагы башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга макул болгон жок. Ал эми акыйкатчы рактан улам өлүм алдында турган адамды бошотууну сурана албастыгын, Суталиновдун ишине кийлигишпесин билдирди.
Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылган.
Атайын кызматтын мурдагы башчысы №47 абакта камакта. Ал бөйрөк рагынан улам байма-бай химиотерапияга барып турат. Себеби ал рак илдетинин акыркы даражасы менен жабыркайт жана паллиативдик жардамга муктаж. Паллиативдик жардам — бул эч качан айыкпай калышы мүмкүн болгон бейтаптарды кароо.
Суталиновдун оорусун консилиум да тастыктап, аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу айтылган, бирок Бишкектин Ленин райондук соту баш тартып койгон. Ага атайын кызматтын мурдагы башчысы жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн да өтөй электиги себеп болгон. Суталиновдун адвокаты оорулуунун мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна жетишүүнү көздөйт.
Атайын кызматттардын (Коопсуздук кызматынын, учурда УКМК) мурдагы кызматкери жана учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов сот чечимине кийлишигүүгө акысы жок экенин айтууда.
«Бидин милдеттерибиз так чектелген. Биз абактагылардын укугу сакталышын, алардын ден соолукка, тамактанууга, медкароого жана ырайымдык менен кармалууга укугу болушу керектигин карайбыз. Бул боюнча Суталинов тараптан арыздануу болгон жок. Соттун чечимине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Биз мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз», — деп келтирет Мамытовдун айткандарын «Вечерний Бишкек».
Укук коргоочулар мындай илдет менен жабыркаган адамды мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартып, таш боорлук кылышууда деп эсептешүүдө. «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова 24.kgге курган маегинде 4-даражадагы рагы бар адамдын абакта кармалышын кыйноо деп эсептейт, ал эми саясий туткундар комитенин өкүлү Зульфия Марат сот гумандык көрсөтүшү керек болчу деди «Клоопко».
«Менин ага карата мамилеме жана кандай кылмыш үчүн жазасын өтөп жатканына карабастан, эгер ал ооруп аткан болсо гумандык көрсөтүлүшү керек эле. Биз адам бойдон калышыбыз керек», — дейт ал.
Мурат Суталинов деген ким?
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары, 7-апрель коогасына чейин УКМКны жетектеген. Ага дейре, 2005-жылдан тарта 2006-жылга чейин ИИМди жетектеген жана бир күн башкы прокурор болгон. Аны бул кызматка 2005-жылдын 23-мартында дайындашкан, ал эми 24-мартта Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин режими кулатылып, Суталинов бул кызматтан кол жууп калган.
7-апрелдеги төңкөрүштө, тагыраагы Ала-Тоо аянтында каршылык акциясынын айрым катышуучулары өлтүрүлгөндөн кийин Суталинов өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2011-жылы декабрда күтүүсүз жерден эле кайтып келип, өзүнүн сот процессине катыша баштаган.
Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген Суталиновдун жана башка саясатчылардын үстүнөн жүргөн сот процесси бир нече жылга уланган. Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиев 2010-жылы революция учурунда митингчилерди аткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ал эми атайын кызматтын мурдагы башчысы 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Кийинчерээк Суталинов онкологиялык илдет менен жабыркаганы белгилүү болгон. 2012-жылы ал укук коргоо органдарынын көзөмөлү астында Улуттук онкологиялык борбордо дарылануудан өтүп турган. Ал кезде адвокаттар 2013-жылы Суталиновдун дарылануусу бүтүп калат деп үмүттөнүшкөн. Бирок учурда УКМКнын мурдагы башчысы 4-даражадагы рак илдети менен жазасын өтөөдө.
Митингчилердин өлүмү үчүн кимдер соттолгон?
Ала-Тоо аянтындагы 80ден ашуун адам набыт болгон 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин президент жана анын үй-бүлөсү биринчи өлкөнүн түштүгүнө качып, андан соң Беларуска учуп кетишкен.
Каршылык акциясына чыккандардын өлүмү үчүн 28 адам соттолгон. Алардын ичинде сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынан экс-төрагасы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов бар. Бакиевдердин бир туугандары Беларуста жашашат. Кийинчерээк ал жакта мурдагы премьер-министр Үсөновго куюп койгондой окшош Даниил Урицкий деген аттуу адам пайда болгон. Урицкий Бакиевдердин үй-бүлөсү менен байланыштуу делген Беларусиянын БНБК деген мамишканасын жетектеп атканы белгилүү болгон.
Курманбек Бакиевдин уула жана УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Бакиев да шарттуу түрдө 27-жылга эркинен ажыратылган. Ал дагы Беларуста жашайт. Ал эми Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын экс-орун басары Нурлан Темирбаев 22-жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25-жылга соттолгон.
Мурдагы башкы прокурорлор Нурлан Турсункулов жана Элмурза Сатыбалдиев 10 жылдан алышкан, ал эми Бакиевдин президенттик аппаратынын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана президенттик катчылыктын экс-башчысы Оксана Малеванная да ушундай эле мөөнөткө соттолушкан.
«Альфанын» жана «Арстандын» бардык ыкчам аракет көрүү кызматчылары күнөөлөрү далилденбегендиктен акталышкан — бул алардын адвокаттарынын талаптарына жана мамайыптоонун суранычына туура келет.