Өкмөт кыргызстандыктар үчүн баштапкы төгүм чогултууга, андан кийин турак-жайга 7-9% менен 13 жылга чейин ипотека алууга мүмкүнчүлүк түзгөн компания түптөп жатат.

Компанияны түзүүнү Экономика министрлиги демилгелеген. Ведомстводон билдиришкендей, Турак-жай-аманаттык кредиттик компаниясы (ТЖАКК) кыргызстандыктарга ипотека үчүн баштапкы төгүмдү чогултууга жардам берет. Керектүү сумма төлөнгөндөн кийин ипотека алгысы келгендер аны жылдык үстөгү 7-9 пайыз менен каттап ала алышат.

Жакшы окшойт. Эмне кылышым керек?

Документтерди ТЖАККа ипотека алып жаткан учурда кардардын жашы 21ден өйдө болушу шарт. Ипотекадан кутулуп жатканда кардардын жашы 65тен жогору болбошу керек.

Дагы бир маанилүү шарты ипотека алуучу талапкердин жубайынын жана балдарынын атында жеке турак-жай болбошу зарыл.

Эгер сиз бул талаптарга ылайык келсеңиз, анда ТЖАККа документтерди тапшыра берсеңиз болот. Ал үчүн сиз анкета толтуруп, эмгек китепчеңиздин, паспортуңуздун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүздүн жана башка документтердин көчүрмөлөрүн берүүңүз керек.

Жакшы. Эмне болгон баштапкы төгүм?

Каалоочулардын көпчүлүгүндө ипотека алуу мүмкүнчүлүгү болушу үчүн ТЖАККта минималдык пайыздары бар ипотека системасы киргизилген. Мисалы, эгер батир 1,5 млн сом турса, анда ал үчүн баштапкы төгүмдүн суммасы 500 миңди түзөт.

Кардар аларды ТЖАККа бир нече жыл бөлүп-бөлүп төгүп тура алат жана бул акчалар депозит түрүндө сакталат. Андан тышкары, жыл сайын аларга 3-4% кошулуп турат.

Баштапкы төгүм чогулгандан кийин батир сатып алуучу жылына 7-9% менен ипотека ала алат — бул кредиттин суммасынан жана анын мөөнөтүнөн көз каранды болот.

Мамипотекалык компаниянын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Даакыбаев «Азаттыкка» курган маегинде коммерциялык банктарга караганда ТЖАККтын депозиттик пайызы төмөн болоорун түшүндүргөн. Муну менен бирге компания андан аркы ипотеканы жеңилдетилген шартта берүүнү кепилдейт.

Баштапкы төгүмдү 3 жылдан 7 жылга чейин чогултса болот, ал эми анын ар бир айлык төгүмү эң эле аз дегенде 7 миң сомду түзөт. Ал эми ипотеканын максималдуу суммасы болсо 3 млн сомдон ашпашы керек.

Бул ипотеканы кайсыл акчалардан төлөп беришет?

Баштапкы төгүмдөн дароо эле кутулуп, ипотека алууга болбойт, анткени мамкомпания депозиттик чогултуулардын эсебинен кредиттерди берип турат.

Ипотеканы мамлекет тарабынан каржылоо чектелүү болуп аткандыктан зайымчылардын өздөрүнүн эсебинен беришмекчи.

«Кыргызстандын жарандарына максаттуу турак-жай аманаты үчүн ылайыктуу шарттар түзүлүп берилет. Ошентип бул өз турак-жай маселелерин чечүү үчүн каражаттарды чогултууга жакшы себеп жана стимул болуп берет. Жалпысынан бул биздин республикабыздын экономикалык өнүгүүсүнө пайдалуу болот», — деп мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында айтылат.

Мамлекет 2016-жылдан тарта мугалимдер, врачтар жана социалдык кызматкерлер үчүн жылдык үстөгү 8-10% менен 3995 ипотекалык насыя берген. Ошентсе да бюджеттин көзүн караган кызматкерлер маянанын аздыгынан ипотека ала алышпайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

27 жыл ичинде бюджеттик жумушчуларга батирлерди кандай бөлүштүрүшкөн?