Кыргызстанда орто билим алуу акысыз, бирок ата-энелер мектептин керек-жарактарына акча чогултуп беришет. Аталган каражаттар класска парта сатып алгандан тарта кароолчуларды жалдаганга чейин жумшалат. Мектептеги акча топтомойлор ыктыярдуу делгени менен айрым ата-энелер аргасыздан акча берип келишкенин айтышат.
2014-жылы ата-энелер комитетинин акча чогултууларын көзөмөлдөө жана каражатты натыйжалуу пайдалануу максатында Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, ар бир мектепте ата-энелер тарабынан Камкордук кеңештери түзүлүп, акча топтомойлор банк аркылуу ишке ашып калган.
Ош шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген Айнакандын* төрт баласы бар — алардын үчөө мектеп курагында. Шаардагы жашоо айылга салыштырмалуу кымбатыраак болгондуктан, жолдошу экөөнүн бир баласын гана окутууга шарты бар. Калган эки баласы болсо элетте тайэнеси менен тайатасынын колунда тарбияланууда.
Жубайлар балдарынын баары алардын жанында жүрүп билим алуусун каалашканы менен шаарга алып келип окутууга каражаттары жетпейт. Маселе окуучуларды кийинтип-ичинткенден сырткары, мектептеги акча топтомойлорго барып такалат.
Анткени Айнакан шаарда билим алган баласы үчүн мектептин Камкордук кеңешине жыл сайын 3 миң сомдон берет. Акча топтоо ыктыярдуу делгени менен ал аргасыздан төлөгөнүн айтат. Анткени Айнакан биринчиден, мектеп мугалими жана акча топтомойлорду берүү менен башка ата-энелерге үлгү болушу керек. Экинчиден, жетекчиликтен тил уккусу келбейт.
«Төлөй албайм десең эле мектеп директору “балаңарды алып кеткиле” деп айтат. Анан да 3 миң сомду бөлбөстөн бир төккүлө дейт, мен болбой эле бөлүп-бөлүп атып араң төлөп бүтөм», — деди төрт баланын энеси.
аты-жөнү өзгөртүлдү
Мындай кеңеш аймактагы мектептерде да түзүлгөн. Айнакан айылда билим алган балдарынын ар бирине 300 сомдон берет. «Балдарыма акча бербей коёюн десем, класс жетекчиси окуучулардын арасында “сен бербедиң го” деп сурай берет экен. Андан балдар уялат да», — деп токтолду мугалим.
Ал класс жетекчини да түшүнүп турат. Анткени мугалимдерден мектеп мүдүрү талап кылгандыгын өз жон териси менен сезип келет.
Шаардын дагы бир тургуну Клара* мектеп жашындагы эки баласын чакан дүкөндө азык-түлүк сатуу менен багып келет. Жолдошу болсо такси кызматында иштейт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн тапкан кирешеси күнүмдүк тиричиликтен артпагандыктан, эки баланы окутууда ата-эне кыйынчылык тартат.
«Ыктыярдуу түрдөгү фонд деп аташканына карабай ага өз эрки менен эмес, “балам элден бөлүнүп калбасын” деп беришет. Мисалы, мен бербейм десем мага окшогондордун аты-жөнүн чогулушта сөзсүз аташат. Ошондон көп ата-эне уялат», — деп оюн бөлүштү ал.
аты-жөнү өзгөртүлдү
Камкордук кеңеши — Юстиция министрлигинде катталып түзүлгөн фонд. Ал 15ке жакын ата-энеден турган топ тарабынан негизделет. Топтун мүчөлөрү ич ара шайлоо өткөрүп кеңештин төрагасын же төрайымын шайлап алышат. Ал өз учурунда жыйындарды өткөрүп, мектептин керектөөлөрүн аныктайт, акча чогултууларды көзөмөлдөп, ата-энелерге отчёт берип турат.
Маанилүү: Камкордук кеңешинин ишине мектеп жетекчилиги кийгилише албайт.
«Маданияттуу ата-эне өзү билип арыз жазат»
Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Абдыкалык Акжолов мектептеги акча топтомойлор ыктыярдуу түрдө чогултулушу керектигин тастыктады. Анткени менен акча бере албаган ата-энелер кеңештин төрагасына же төрайымына «тиешелүү документтерди» көрсөтүшү керектигин айтат.
«Маданияттуу ата-эне өзү билип арыз жазат. “Менин үч балам бар, мен ооган согушунун катышуучусумун, мага кандай жеңилдиктер болот” деп балдарынын күбөлүгүнүн же майыптуулугу тууралуу документинин көчүрмөсүн берсе анын арызы каралат. [Ушул жагдайда] кайсы бир өлчөмдө же таптакыр [акча топтомойлордон] бошотулушу мүмкүн», — деди ал.
Шаарда 55 мамлекеттик мектеп болсо, анын үчөөсүндө гана Камкордук кеңеши түзүлгөн эмес. Калган мектептердин Камкордук кеңештери 2016-жылы 8 млн сом чогултушкан, ал эми 2017-жылы аталган сумма 2 млн 300 миң сомго көбүрөөк топтолгон. Башкармалык мектептеги акча топтомойлордун көбөйүп жатканын ички миграциянын күчөшү менен байланыштырат.
«Ата-эне акча бербей коюуга укуктуу»
«Прецедент» юридикалык компаниясынын юристи Бекболот Касаболотовдун айтымында, Конституциянын 45-беренесине ылайык, ар бир атуул мамлекеттик билим берүү уюмдарынан негизги, жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу.
Касаболотов Камкордук кеңештер ыктыярдуу түрдө түзүлгөнүн билдирип, кеӊеш кимдир бирөөнү акча берүүгө мажбурлай албастыгын айтат. Себеби мыйзамда ата-энелер милдеттүү түрдө акча бериши керек деп жазылган эмес (кошумча сабактардан башкасы) дейт.
Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө мыйзамдын 10-беренесине ылайык, Кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан каржылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу.
Юрист эгерде кайсы бир ата-энеден мектеп, Камкордук кеӊеши же башка бир ата-эне топтомойлорго акча бер деп талап кылса, анда ал адамдар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылса болоорун кошумчалады.
«Мектепке интернет коштуруп, ноутбук алып бердик»
Кылымкан Жусуева* шаардагы мектептердин биринде беш жылдан бери Камкордук кеңешин жетектеп келет. Төрайым ата-энелер берген акчалар кеңештин «Оптима» банктагы эсебинде сакталаарын жана каражаттар мектептин муктаждыгына жараша сарпталаарын белгиледи.
Жусуеванын айтымында, эки миң окуучусу бар мектептин кеңеши өткөн жылы ата-энелерден 800 миң сомдой каражат жыйнаган. Аталган акчалар окуу жайга кароолчу дайындоого, айрым класстарды парта жана отургуч менен камсыздоого, мектепке интернет коштурууга, иш-чараларды тартуу үчүн фотоаппарат жана кеңсе товарларын сатып алууга жумшалган.
«Ушуга чейин мектептин суранычы аткарылбай калган учур болгон эмес. Директордун дээрлик бардык суранычын аткарып келе жатабыз. Алар да мектепке керек болгону үчүн суранат да», — деди кеңештин төрайымы.
аты-жөнү өзгөртүлдү
Билим берүү министрлиги ата-энелерден түшкөн арыздарды карабайт
Билим берүү министрлигинен «Клоопко» мекеме мектептеги кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдердин маянасына, окуучулардын тамак-ашына жана чарбалык чыгымдарга каражат бөлөөрүн билдиришти. Ал эми Камкордук кеңеши мектептеги билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди жасап келгенин айтышат. Министрликтен да мектептеги акча топтомойлор ыктыярдуу болгонун баса белгилешти.
Кеңеш тарабынан чогултулган каражаттардын бюджетке тиешеси жок болгондуктан, акчалардын кандайча сарпталганына министрлик көзөмөл жүргүзбөйт. Ошондой эле, ата-энелер тарабынан түшкөн арыздарды карабайт. Анткени Камкордук кеңештин ишмердүүлүгү боюнча даттанууларын карап чыгуу милдети жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөнүн министрликтен айтышты.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан 2018-жылы мектептеги акча чогултууларга арызданып төрт ата-эне кайрылганын билдиришти. Булардын арыздары укук коргоо органдарына чейин жеткен эмес. Анткени, башкармалыктын кийгилишүүсү менен алар акча топтомойдон бошотулган.
Авторлошу: Нуркыз Замирбек кызы
Редакторлору: Гүлжан Эшбаева, Элвира Султанмурат кызы