Солдон оңго: Бахтиёр Умаров, Атабек Абдуллаева, Давид Идриссон. Сүрөт: СЭПО

Швециянын Солна райондук соту 8-март күнү эртең менен теракт даярдоого жана терроризмди каржылоого шектелген өзбекстандык Давид Идриссон менен Бахтиёр Умаровго жана кыргызстандык Атабек Абдуллаевге карата өкүмүн жарыялады.

Сот өкүмүнө ылайык, Абдуллаевден теракт даярдоо жана терроризмди каржылоо боюнча тагылган айыптар алынып, Идриссон жети жылга, ал эми Умаров алты айга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандыктын адвокаты Кристофер Старэ өкүмдү «фантастикалык жеңиш» деп атап, Абдуллаев камакка алынгандан тарта бир жыл аралыгында оор жумуш аткарылганын айтты.

«Клооптун» редакциясы өкүмдүн текстин изилдеп чыкты. Ал текстте иштин өзү татаал экендиги жана прокуратура тарабынан, айрыкча Атабек Aбдуллаевге карата далилдердин жетишсиздиги тууралуу айтылган.

Химикаттар жүктөлгөн жүк ташуучу унаа

Швециянын коопсуздук кызматы (СЭПО) Абдуллаев Идриссонго теракт даярдоого жардамдашканына ишенген. Анткени мурдараак кыргызстандык Идриссонго чабуул учурунда колдонулушу мүмкүн делген химикаттарды ташууга көмөктөшкөн.

Бирок сот коопсуздук кызматынын божомолу менен макул болгон жок. Сот Идриссон аукциондо сатып алынган химикаттарды теракт үчүн пайдалангысы келген деп чечим чыгарганы менен Абдуллаевдин жана Умаровдун буга тиешеси болгондугуна жетиштүү далил таба алган эмес.

Соттун чечимине ылайык, Умаров жада калса химикаттар бар экенин билген да эмес. Мындан тышкары, сот Абдуллаев Идриссон менен биргеликте теракт кылууну пландаганы боюнча да жетишээрлик далил таба алган эмес. Буга чейин кыргызстандыктын айтуусу боюнча ал Идриссон менен достук мамиледе болгондугу үчүн химикаттарды эмес, боёк ташууга көмөктөшкөн.

Эл көп чогулган жерлерде жасаган селфи

Абдуллаев Стокгольмдо эл көп чогулган жерлерде түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган — бул прокуратурага аны чабуул даярдоого айыптоо үчүн негиз болуп берген.

Сот процесси учурунда прокурор Пер Линдквист «Мен бул сүрөттөрдүн маанилүүлүгүн көбүртүп-жабырткым келбейт, бирок Абдуллаевди чабуул жасоого ылайыктуу жерлер кызыктырганы айдан ачык. Бул чындыгында эле чабуул пландалганынын белгиси. Бул табышмактын кичинекей, бирок абдан маанилүү бир бөлүгү болуп саналат» деп билдирген.

Бирок сот буга да макул болгон эмес. Соттун чечимине ылайык, Абдуллаевдин коомдук желелерге сүрөттөрүн жарыялаганы «эч кандай мааниге ээ эмес». Сот ал эч качан «жардырууларды пландаган деп ишене турган абалда сүйлөп же иш-аракет кылган эмес» деп баса белгиледи.

Өкүмдө мындай делет: «Заманбап санариптик чөйрө көп учурда ар дайым эле кызыктуу болбогон жана бири-биринин ортосунда байланыш жетишпеген сүрөттөрдү камтып келет. Атабек Абдуллаевде ИМге тиешелүү материал бар экени туурасындагы факт, ошондой эле анда коомдук тармактардагы башка сүрөттөр арасында бала сөөмөйүн өйдө каратып турган сүрөтү болгону анын кандайдыр бир конкреттүү максаттары бар экендигин көрсөтпөйт. Райондук сот Атабек Абдуллаевдин аракеттеринде чабуул даярдоо боюнча ниети болгондугуна далилдер жетишсиз деп ишенет».

Абдуллаев, Идриссон, Умаров жана башка теракт даярдоого шектелгендерге карата сот чечиминин биринчи барагы

Кыргызстандыктын адвокаты Кристофер Старэ «Клоопко» билдиргендей, бул сүрөттөрдүн чабуул даярдоо менен эч кандай байланышы жок.

«Атайын кызматтарда батирдеги үчөө тең террористтик уюктун бөлүгү делген гипотеза бар болчу. Анан да Атабектин Стокгольмдогу түшкөн сүрөттөрү "Одноклассникиде" жарыяланганы буларга мыкты дал келген. Бирок бул сүрөттөр мындай (терактка даярдануу катары) кабыл алынышына далилдер жетишсиз. Мен бул боюнча соттук отурум учурунда прокурорду катуу сындадым», — деди жактоочу «Клооп» менен болгон телефондук сүйлөшүүдө.

Экстремисттик видео

Ошондой эле СЭПО Абдуллаев менен Ислам мамлекетинин ортосунда байланыш көргөн, анткени алар анын электрондук түзмөктөрүнөн ИМге байланыштуу материалдарды табышкан.

Бирок жактоочу Старэнин айтымында, Абдуллаев сот учурунда да, сурак малында да Идриссондон видеолорду жибербөөнү суранганы тууралуу айткан.

«Атабек экинчи айыпталуучуга (Идриссонго) аталган видео пропаганда экенин жана аны жибербөөнү жазган. Мындай материалдарды жөнөтүүнү токтотуу керек экенин түшүндүргөн», — деп билдирди Старэ «Клооп» менен болгон сүйлөшүүдө.

Кийинчерээк сот өкүмдө айыпталуучулар Атабек Абдуллаев жана Бахтиёр Умаров «ИМди пропагандалоону каалашпаганын [...] жана кимдир бирөөлөр аркылуу жиберилген бул материалдар алардын уюлдук телефондору менен ноутбуктарында автоматтык түрдө сакталып калганын» белгилеген.

Которуудагы бурмалоолор

«Клооп» буга чейинки материалында, сотко чейинки териштирүү докладын талдап чыгып анда олуттуу тил каталары кеткенин жазган. Эң негизги мисалдардын бири — кыргыз тилиндеги «кылып атабыз» деген этиш контекстте башка мааниге ээ болсо да, швед тилине «атышуу» деп которулган.

Ошондой эле өкүмдө иликтөө учурунда котормо чынында эле көйгөй жаратканы айтылган: «Сүйлөшүүлөрдүн көбү чет тилдеринде болгон, белгиленип кеткендей эле, котормолор көптөгөн маселелердин чыгышына алып келген».

Кыргызстандыктын адвокаты Кристофер Старэ тергөөчүлөрдүн котормолордо кетирген каталарынын көпчүлүгү жактоочу тараптан сот башталганга чейин оңдолгонун «Клоопко» билдирди.

Акча которуулар

Сот Атабек Абдуллаевдин атынан ИМге акча которуулардын эки учурунда тең кыргызстандык акчалардын аяккы алуучусу жөнүндө билгендиги боюнча жетиштүү негиздер болбогонун аныктаган.

Биринчи акча которуу: Бахтиёр Умаров акча которууда Абдуллаевдин картасын ансыз эле колдонуп, бирок кыргызстандыктын өзүнө ал акча анын Түркиядагы үй-бүлөсүнө арналганын айткан. Умаров өзү акчанын аяккы алуучусун билген — ИМ — ошондуктан ал терроризмди каржылоо боюнча күнөөлүү деп табылган.

Экинчи акча которуу: Сот Давид Идриссон Сирияга акча жөнөтүш үчүн Абдуллаевдин картасын анын уруксаты жок колдонгонун аныктаган. Ошого байланыштуу кыргызстандыктын үстүнөн терроризмди каржылоо боюнча тагылган күнөө алынган. Ал эми Идриссон менен дагы башка айыпталуучу бул учурда терроризмди каржылоо боюнча күнөөлүү деп табылган.

«Исламдык» сөөмөй же кадимки белги

СЭПО Абдуллаевдин баласы экөө сөөмөйлөрүн өйдө көрсөтүп түшкөн сүрөттөрүн коомдук тармактарга жарыялаганын шектүү деп тапкан.

СЭПО жана Швециянын коргоо изилдөөлөрү агенттиги бул белги ИМ менен тыгыз байланыш деген тыянакка келишкен — бирок Абдуллаев сурак учурунда дал ушул нерсени четке каккан.

Сотто анын адвокаты Кристофер Старэ ушуга окшош эле түшүндүрмө берген. Старэ белги спортту да элестеттириши мүмкүндүгүн айткан. Бул түшүндүрмө да соттун өкүмүнө кошулган.

АКШнын Вашингтондогу Вилсон борборунун Борбор Азиядагы экстремизм боюнча эксперти Эдвард Лэмон буга чейин «Клоопко» курган маегинде сөөмөйдү жогору көрсөтүү бир гана эле эктремизмге гана тийиштүү эмес экенин түшүндүргөн. «“Тавхид” — Кудай жалгыз болгондугу тууралуу ишеним — Исламда бордордук дин тутуу болуп саналат. Борбор Азиянын базарларында жана башка жерлерде сөөмөйүн жогору караткан адамдарды тез-тез кезиктирүүгө болот».

«Эгер күнөөлүү эмес болсоң, сот системасына ишенсең болот»

Сот чечими чыкканга чейин бир нече күн калганда Абдуллаевди эч нерсени түшүндүрбөстөн эле камактан бошотушкан — бул ошондо эле кыргызстандыктын акталышы мүмкүндүгүн көрсөтүп турган. Старэнин айтымында, ал тергөө иштеринин башталышынан бери эле кардарынын күнөөсүз экендигине ишенген.

«Албетте ал жеңилдей түшүп, абдан бактылуу болгон. Иликтөө учурунда ал күнөөсүз экенин айткан жана мен ага ишенгем. Мен Атабекке эгер күнөөң жок болсо, анда Швециянын сот адилеттигине ишене берсең болот деп түшүндүргөм», — деди Старэ.

«Менин көз карашым боюнча, анын күнөөсү жок. Иш учурунда биз абдан эле дос болуп калдык, ошондуктан мен аны бошотушканына кубанычтамын», — деп кошумчалады адвокат.

Атабектин атасы, Тургунбай Абдуллаев баласына каршы коюлган айып алынганын 8-март күнү кечинде «Клооптун» журналисттеринен укту. Ал калтырак баскан үнү менен уулунун күнөөлүү эместигине башында эле ишенгенин айтты.

«Буга чейин ал мындай иштерге барган эмес. Сот аны актаганына кубанып турам. Көктө жүргөндөй эле болуп жатам. Эми баламдын үнүн уксам эле болду», — деди Абдуллаевдин атасы «Клоопко».

Атабек Абдуллаевдин «Клооп» үчүн кат түрүндө берген эксклюзивдүү комментарийи

«Менин күнөөлүү эместигимди эми дүйнө билет»

Өкүм чыккандан кийин 8-март күнү эртең менен Абдуллаев өз адвокатына жолугуп, «Клооптун» реакциясына кат түрүндө эксклюзивдүү комментарий берди. Ал катта төмөнкүлөрдү жазган:


8-март, 2019-жыл

Сот мен буга чейин айтып келгендеримди, тагыраагы күнөөм жоктугун тастыктаганы жакшы болду. Мага ишенип, мен үчүн дуба кылгандардын бардыгына ыракмат. Эми адилеттик жеңип чыкты жана күнөөм жок экенин бүткүл дүйнө билет.

Атабек Абдуллаев


Абдуллаев Швециянын банкында эсеп ачуу үчүн жасалма эмгек келишимин жана жасалма документтерди колдонуу боюнча гана күнөөлүү деп табылды. Бул үчүн аны бир айга камоо өкүмү чыккан, бирок ал жаза мөөнөтүн өтөп койгон, себеп дегенде ал 2018-жылдын апрелинен тарта камакта болгон.

«Буга чейин бир да жолу кандайдыр бир нерсеге айыпталбаган Атабек Абдуллаев болгону жасалма документтерди гана колдонгондугу үчүн күнөөлүү деп табылууга тийиш», — деп айтылат өкүмдө.

Андан тышкары Абдуллаев Швециядан депортацияланбашы мүмкүн, бирок анын өлкөдө жашоо укугу менен визасында көйгөйлөр болгондугу үчүн анын бул мамлекеттеги келечеги белгисиз калууда. Бул убакытка чейин анын өлкөдө мыйзамдуу калууга укугу жок болуп аткандыктан Абдуллаевдин кыймылы азырынча чектелүү.

Бахтиёр Умаров терроризмди каржылоо жана жалган документтерди колдонуу боюнча айыпталган. Соттун чечими менен ага террордук чабуул боюнча коюлган айыптар алынып салынып, алты айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле Умаров Өзбекстанга депортацияланбайт.

Соттун Атабек Абдуллаевге чыгарган өкүмү — депортациясыз бир ай камакка алуу. Өкүмдүн скриншоту

Давид Идриссон болсо терордук чабуулду даярдоо жана терроризмди каржылоо боюнча күнөөлүү деп табылып, ал жети жылга эркинен ажыратылды жана жазасын өтөгөн соң Өзбекстанга депортацияланат.

«Далилдер изилденип чыккандан кийин райондук сот Давид Идриссон Швецияда ИМ үчүн жардыруу кылууну көздөө менен 560 кг кальцийдин гиперхлоридин, 100 кг калийдин гидроксидин жана 96 пайыздык күкүрт кислотасын 50 литр көлөмдө сатып алып, сактап жана ташыганы боюнча далилдер жетиштүү деп чечти. Давид Идриссондун айткандыры аталган чечимди өзгөртпөйт. Райондук сот Бахтиёр Умаров менен Атабек Абдуллаевге каршы айыптарды далилденди деп эсептебейт».

Давид Идриссонго карата сот өкүмү көптөгөн себептерди камтыйт. Негизги көрсөтмөлөрдүн бири СЭПОнун экспертинен болгон — Швециянын атайын кызматынын жашыруун күбөсү «Томас 2811» сотто алар Идриссондун телефонундагы маалыматтарды алышканын жана Давид ИМдин телеграмм чатында болгонун, андан тышкары, ал жактан бомба жасоо боюнча нускамаларды алып турганын түшүндүргөн.

Ошондой эле Идриссон ИМдин өзбекстандык жоокеринен тааныш «механик» тууралуу сураган, өз кезегинде бул бомба чогулта ала турган адам үчүн сыр сөз болгон — мунун бардыгы Идриссон чындыгында эле химикаттарды колдонуу менен чабул даярдап жатат деп божомолдоого негиз болгон.

***

Өкүм 8-мартта жума күнү эртең менен уктурулду. Чечим Патрика Алманын төрагалыгы астында жана үч соттун мүчөсү тарабынан бир добуштан кабыл алынды: «Атабек Абдуллаев “Ислам мамлекети” үчүн Швецияда чабуул жасоого же аны аткарууга жардам берүүнү көздөгөнү далилденген жок», — деп айтылат соттун чечиминде.

Бул иш боюнча мурунку макала: Аллага жана швед сотуна ишенем. Стокгольмдо терроризмге шектелген кыргызстандыктын криминалдык драмасы