Экс-депутат аялдардын жөө жүрүшүнө үлгү катары «чыныгы кыргыз» 40 кызды көрсөттү. Көрсө бул сулуулук этно конкурсу экен

Сүрөт: Арсений Мамашев / Kloop.kg

Бишкекте 11-мартта Курманжан Датканын айкелинин алдында мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева «Кырк кыз» аттуу сулуулук этно конкурсунун катышуучуларынын мисалында «чыныгы кыргыз» кызынын образын көрсөттү. Конкурста Кыргызстандын бүткүл аймактарынан келген кыздар кыргыз тилин жана салттарды канчалык жакшы билишээрин көрсөтүшкөн — ушинтип конкурстун уюштуруучулары кыргыз үрп-адаттарын жайылткылары келген.

Кыздарды фотосессия өткөрүү жана бата берүү үчүн Курманжан Датканын эстелигине алып келишкен. Уюштуруучу Элнура Кулуеванын айтымында, алгач иш-чара саясий мүнөздүү эмес болчу. Бирок Жолдошева 40 кызды 8-марттагы жөө жүрүштүн катышуучуларына карама-каршы койгон — ал жүрүштө активисттер аялдардын укуктарын кемсинтүүгө, зомбулукка жана басмырлоого каршы чыгышкан эле.

«Кыргыздын аялдары эч качан кордук көргөн эмес, биз эркин өскөнбүз, ат десе атты эркектер менен чогу чапканбыз, эркек менен кошо кымыз жасаганбыз, керек болсо кыргыздын кыздары өзү боз үй тигип, өзү бузган [...] Биздин эркектер эч качан кыздарын кордогон эмес, арасынан бир экөө чыгып калышы мүмкүн, ошондо да ачуусу келип кол көтөрүп коюшу мүмкүн», — деди Жолдошева.

Жолдошеванын нааразы болушуна себеп болгон дагы бир нерсе — бул 8-март күнү өткөн жөө жүрүштөгү ЛГБТ коомун колдогон плакаттар болгон. Анын айтымында, «эгер кыргыздар ушундайды колдошсо, анда элдин келечеги болбойт».

«Эстелик [Курманжан Датканын] салынганда бүт республиканын төрт бурчунан келишип, батасын беришкен. Бул жерде элди бириктирген көргөзмөлөр өтөт. Анан кийин гей менен башка ориентациядагы кишилер абдан туура эмес кылып коюшту да», — деп билдирди Жолдошева.

Анын айтымында, кыздарды Курманжан Датканын айкелинин алдына «аруулукту жана тазалыкты» көрсөтүү үчүн алып келишкен — «алар чай да куюшат, турмушка да чыгышат, бала да төрөшөт».

Иш-чарага улуттук кийимчен кыздарды 8-марттагы аялдардын жөө жүрүшүнүн катышуучуларына жана ЛГБТ адамдарга карама-каршы койгон «Кырк Чоро» улутчул кыймылынын өкүлдөрү да келишкен.

«Кырк кыз» долбоорунун автору Элнура Кулуева «Кырк Чоронун» өкүлдөрү бул конкурсту өз максаттарында колдонууну чечишкенин айтууда.

«Ошол учурда кайдан-жайдан болуп эле “Кырк чоронун” өкүлдөрү пайда боло калышып эле, кыздарга гүл тартуулашты. Балким алар бул иш-чараны аянтча катары колдонуп, өздөрүнүн саясий көз караштары жөнүндө билдирүүнү чечишкендир. Ал эми “Кыр кыз” долбоорунун катышуучулары менен авторлорунун саясатка тиешели жок», — деп айткан Кулуева Vesti.kg басылмасына.

Кыздардын өздөрү болсо 8-марттагы жөө жүрүш тууралуу дээрлик эч нерсе билишпейт. Кыздардын айтымында, алар 8-мартка чейин эле башталган таланттардын жана сулуулуктун этно конкурсунда катышышууда.

Конкурстун катышуучуларынын айтымында, алар кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүп, улуттук ашкана менен кийимдерди жайылткылары келет.

Аялдардын укугу үчүн жыл сайын өтүүчү жөө жүрүш 8-мартта болуп өткөн. Бул жүрүш мурдагы жылдагыларга салыштырмалуу рекорддук сандагы адамдарды чогулткан — 400гө чукул катышуучуну. Жөө жүрүшкө бир нече күн калганда «Кырк Чоро» кыймылы тарабынан болгон коркутуулардын айынан Бишкектин бийлиги акцияга тыюу салууга аракет кылган, бирок жыйынтыгында жөө жүрүш укук коргоо органдарынын кароолу алдында болуп өткөн. Акциянын өзү жөө жүрүштө башка катышуучулардын ичинде ЛГБТ коомунун мүчөлөрү да болгондуктан, коомдук тармактарда талкууга жем чачкан.