Бишкектен бир сап өйдө Ташкент жайгашса, бир сап ылдыйында Лахор шаары орун алган. Булагы: Mercer

Бишкек жашоо сапатынын деңгээли боюнча дүйнөнүн 231 шаарынынын ичинен 206-орунга жайгашты. Рейтингди америкалык Mercer консалтинг компаниясы түздү.

Рейтингде шаардын анын жашооочулары үчүн ыңгайлуулугу, андан тышкары, шаардык чөйрөнүн коопсуздугу сыяктуу ченөлчөмдөрү эске алынат.

Бул рейтингди кызматкерлерин башка өлкөлөргө иштетүүгө жөнөткөн компаниялар колдонушат.

Биринчи орунду тизмеде Австриянын борбор калаасы Вена ээлеген, андан кийин эле Швейцариянын Цюрихи турат. Тизмеде акыркы оорунда Ирактын Багдады орун алган. Өзүнчө да шаардын коопсуздугу сыяктуу ченөлчөм каралган жана бул жерде Люксембург лидер аталган.

Изилдөөдө белгиленгендей, Чыгыш Европанын шаарлары, мисалы, Прага, Вильнюс, Варшава, Загреб, Сараева шаарлары коопсузураак болду.

Ушуну менен бирге Батыш Европанын Мадрид, Париж же Афина сыяктуу шаарлары тескерисинче көрсөткүчтөрүн начарлатышты — рейтингдин авторлору муну мурдагы террористтик чабуулдар жана ички туруксуздук менен байланыштырышууда.

Рейтинг түзүүдө изилдөөчүлөр шаардын экономикалык жана экологиялык коопсуздугу, транспорт системасынын ыңгайлуулугу, медициналык жана билим берүү кызматтарынын сапаты жана башка ушундай сыяктуу көрсөткүчтөргө таянышкан.