«Клооптун» башкы редактору Элдияр Арыкбев өз колонкасында бейөкмөт уюмдардын ишиндеги чектөөлөр эмнеге алып келиши мүмкүн экендиги тууралуу ой калчады.
Бүгүн УКМК депутаттарга, мындайча айтканда, Орусиянын бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамын көчүрүп алууну сунуштады. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) Кыргызстандын атайын кызматтарындагы бүтүрүүчүлөрү менен жолун жолдоочуларына алкыш!
Бүткүл Кыргызстан — бул учу-кыйры жок суурдун күнү (ред. — «День сурка» тасмасынын сценарийиндей), апендилер менен күрөшүү жана кыргыз саясатчыларынын өткөндөн сабак албаган ар дайымкы каталары. Чектөөлөр боюнча Орусиянын жолу менен кетүү — бул жогорку деңгээлдеги кыргыз аткаминерлери тынбай айтып келген демократиялык өнүгүүдөн жана адилеттүүлүктү түбөлүк издөөдөн чоң кадам артка таштагандык.
Мисалы, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ күнү эле Кыргызстандын тышкы саясатынын концепциясына кол койгон, анда төмөнкүлөр так жазылган:
«Адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого, демократиялык коомду курууга жана парламентаризмди өнүктүрүүгө болгон өзүнүн умтулуусун ырастап, Кыргыз Республикасы эл аралык кызматташууну илгерилетет жана жалпы демократиялык баалуулуктарга ортоктош болгон өлкөлөр менен тажрыйба алмашууну ишке ашырат».
Кандай гана мыкты сөздөр, мырзалар. Бирок эртеси күнү эле УКМК президенттин айткан жакшы чакырыктарынын бардыгын чийип салып жатат.
Адилеттүүлүк үчүн бир аз гана кошулууга болбойт жана бир жагынан мыйзамдар, башка жагынан алганда — жөө жүрүштөрдө өз пикирлерин билдирген жана өздөрү тууралуу билдирип чыккан, мамлекет тарабынан өз укуктарын таанууну жана негиздүү түрдө эле алардын укуктарынын корголушун талап кылышканы үчүн эле адамдарды эзе берген болбойт.
Орусияда ушундай мыйзамды кабыл алуу кыйроого жана коммерциялык эмес сектордогу негативдүү натыйжаларга алып келген — жөн гана өз жумуштарын кылып келген укук коргоочулар, экологиялык, илимий жана социологиялык уюмдар зыян тартып жабылууга дуушар болушкан. Ал эми калып калган уюмдар болсо, аларга тагылган «чет элдик агент» же «жагымсыз уюмдар» тагы үчүн кээде иштешкилери келишпейт же иштеше алышпайт.
Мисалы, «Санкт-Петербургдун аскер апалары» уюмунун өкүлү (“Жаңы гезитке” курган маегинде) мындай деген:
«Биздин ишке түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүбүз минималдаштырылды — биз мурдагыдай эле консультация беребиз, прокуратуранын органдарына кайрылып турабыз, керек болсо тергөөгө кайрылып турабыз. Бирок азыр ишти алып баруу үчүн ресурстар жок, мисалы, Санкт-Петербургдан алыс шаардагы же аймактагы аскер кызматкеринин кыйноого алынышы боюнча ишти алып барууга».
Ал эми «Агора» укук коргоо уюмунан (DWнын материалында) мындайча айтышкан:
«Бийлик Орусиядагы жарандык уюмдардын лоялдуу эмес секторун талкалоону максат кылган. Бул мааниде бйилик мүдөөсүнө жетти». [...] Көз карандысыз, таасирлүү жана өз орду бар жүздөгөн бейөкмөт уюмдар институционалдык негизден ажырап калышкан: «Мамлекетчил түзүмдөр гана калган»
Мындайча айтканда, башкаларга жардам берген боорукер адамдарды, итке талатып, кыйнап, маскара кылып салышты.
Биз дагы Кыргызстанда ушундай болуусун каалап атабызбы? Менимче биз андай эмеспиз. Эмне ошондой кыйноо, итке талатуу жана кемсинтүү — парламентте айтышкан «кыргыз баалуулуктарына» кирип калабы? Андай эмес да, туурабы? Мен үчүн Кыргызстан — бул эркиндик, өз ара жардамдашуу, жөнөкөйлүк жана боорукерлик.
Кандай болсо да, эгер ушундай сыяктуу бир нерсе кабыл алышса, анда укуктарды жана эркиндикти басуу түбөлүктүү боло албашын эстен чыгарбаңыз — жыйынтыгында адилеттүүлүк дайыма караңгылыкты утуп чыгат. Эч болбогондо, Кыргызстандын тарыхы ушундай мисалдардын бир нечесин, ал эми дүйнөлүк тарых андан да көбүрөөк билет.