Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргогон кыргыз дипломаттарынын иштерин сынга алды. Жээнбековдун эскертүүлөрү менен сунуштарын кыскача айтып беребиз.

Кыргыз элчилери чет тилдерди билишпейт. Жээнбеков кыргыз элчиликтеринин кызматкерлери чет тилдерин билишпегенине нааразы. Президент муну Түркия жана Бельгияга болгон эл аралык сапарларынын учурунда байкаган. «Адистерди жумушка алууда талаптар жогору болушу керек. Эсепчиден баштап, айдоочу менен бүтүп, бардыгы, которгонду [чет тилинен кыргызчага] билиши керек», — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктарында «дипломатиядан алыс» адамдар болбошу керек. Жээнбеков билдиргендей, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде «татыктуу жана мыкты кадрлар» иштеши керек, андыктан дипломат болууга талапкерлигин көрсөткөндөрдү «дыкат тандаш» керек. «Ишке “парашютчулар” менен дипломатиядан алыс адамдарды албаш керек. Атын атабай эле коёюн, бирок баарыбыз эле Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылган элчини унута элекпиз», — деди ал.

Дипломаттардын милдети — жарандарды этибарга албоо эмес, алардын укугун коргоо. Жээнбеков кыргызстандыктар чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктардын ишине арызданып жатышканын айтты. Ал элчилерди мигранттарга орой мамиле кылбай, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, мигранттардын укутары менен кызыкчылыктарын коргоо — бул Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты. «Алар элчилерден башка кимдерге кайрыла алышмак эле?», — деп суроо салды өлкө башчысы.

«”Отура берем” деген болбойт». Жээнбеков элчилердин иштерин көзөмөлдөп тураарын билдирди, андыктан элчилер жыл сайын аны менен жолугуп, отчёт берип турушат. «Жыл сайын отчёт талап кылынат. “Элчи болдум, 3-4 жыл отура берем” деген болбойт», — деди президент.