Баткендеги чыр: Тажикстан эки адам каза тапканын, Кыргызстан үч киши жарадар болгонун билдирет — кырдаал «салыштырмалуу туруктуу»

Кыргыз-тажик чек арасы. Сүрөт: Кыргызстандык өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Тажикстандын бийлиги Аксай айылынын жанындага чыр-чатак учурунда алардын эки жараны каза тапканын билдирди. Кыргызстан азырынча бул маалыматты ырастаган жок, бирок үч кыргыз жарадар болгонун маалымдады. Кыргызстандын чек ара кызматы чыр-чатак чыккан жерди «салыштырмалуу туруктуу» деп баалайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, жалпысынан Баткен облусутук ооруканасына чатак чыккан учурда үч кыргызстандык түшкөн. Экөө травмотологияда: бирөөсүнүн ийинин ок тешип өтүп кеткен, ал эми экинчисинин болсо ок санын тешип өтүп кеткен.

«Дагы бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор, бирок туруктуу. Эсинде жана өзү дем алууда», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Баткен облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынан 14-мартта журналисттерге кабарлашкандай, жарадар болгондордун ичинен бирөөсү — милиция кызматкери.

Кыргызстандын чек ара кызматы чек арадагы абалды «салыштырмалуу туруктуу» деп атады. Мекеменин маалыматына ылайык, 15-март күнү эртең менен чектеш райондондордо «жарандардын топтолушу» аныкталган жок.

Эки өлкөнүн делегаттары чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышууда. Исфара жолу — тажик аймагындагы Ворух жана кыргыз аймагындагы Баткен — Лейлек жолу жабык бойдон калууда. Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Тажикстандын бийлиги чыр-чатак учурунда алардын эки жараны өлгөнү тууралуу маалымдады.

Чек арадагы чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 13-март күндүзү чыккан. Эки тараптын бийлигинин чыр чатакка байланыштуу версиялары ар башкача. Кыргыз тараптын версиясы боюнча, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары кыргыз бийлиги куруп аткан Аксай — Тамдык айлампа жолунун салынышына нааразылык билдирип чыгышкан.

Ошондон кийин кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыгып кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытууга чейин барышып, андан соң ок чыгаруу башталган.

Чыр 14-март күнү да уланды. Тажик чек арачылары жергиликтүү тургундардын чогулушундагы кырдаал катуу курчуп кеткендиктен эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан.

Тажикстандын бийлиги «ок атуу кыргыз тараптан болгон» деп айтууда. Мындан тышкары, алардын версиясы боюнча кыргызстандыктар Исфара — Ворух жолун жаап алышып, тажиктерди коё бербей жатышкан.

Эки өлкөнүн ортосундагы чырга тажик бийлиги жер тилкесин басып алгысы келген Көк-Таш айлынын башчысы Разия Өсөрөваны күнөөлүү деп аташкан.

Аксай —Тамдык айланып өтүүчү жолу стратегиялык маанилүү деп эсептелет, себеп дегенде анын курулушу бүткөндө Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыра кыргыз айлынын тургундары Тажикстандын Ворух анклавына кирбестен эле Баткендин башка райондоруна өтө алышат.

Ворух анклавына жакын жайгашкан талаштуу аймактарда Советтер Союзу тарагандан кийин өлкөлөр чек араларын толугу менен тактап албагандыктан тез-тезден чыр-чатактар чыгып турат.

Жергиликтүү тургундардын чырдашуулары Көк-Таш — Аксай — Тамдык жолун куруу иштеринен кийин күчөп кеткен.