Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. Жалпысынан өлкөнүн жолдорунда 270ке чукул камера жана 40ка жакын көчмө мобилдүү комплекс пайда болот.
Шатемировдун айтымында, «Коопсуз шаардын» экинчи стадиясын ишке киргизүү үчүн жалданмачыга 24 млн долларга чукул каражат талап кылынат, бирок бул так сумма эмес.
«Биз ачык булактардагы жабдууларын, андан тышкары коммуникацияларды өткөрүүнүн наркын негиз катары алдык. Долбоордун алгачкы стадиясын ишке киргизүү үчүн 24 млн 77 миң [доллар] керектелет. Конкурстун жүрүшүндө аталган сумма азаят», — деди Шатемиров.
Мамбайланыш комитетинен долбоордун экинчи баскычын ишке ашыруудан кийин 5 жыл ичинде бюджетке 20 млрд сом түшөт деп эсептешет.
Эреже бузууларды каттоо үчүн камералар
«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча, «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.
Камераларды орнотуу боюнча тендерди 2018-жылы сентябрда Орусиянын «Вега» компаниясы жеңип алган. Бишкекте камералар жол кыймылынын эреже бузууларын 10 көчөнүн кесилишинде жана шаар аралык жолдордо каттап жатат. Алар жол кыймылынын эреже бузууларынын жети түрүн аныктайт.
Мындан тышкары, Чүй облусунда 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстери (АПК) иштеп, жол кыймыл эреже бузуулардын эки түрүн аныктайт — ылдамдыктан ашыруу жана кош чийинден өтүүнү. АПКлардын убактысы менен коюла турчу жерин ЖКККББ аныктайт.
Жол эреже бузуулары үчүн салынган айып пулду дүмүрчөк келип түшкөндөн кийин бир айдын ичинде почтанын бөлүмдөрүндө жана банктардан төлөсө болот.