«Коопсуз шаар»: Бишкекте айдоочуларга штрафтарды жеткизе башташты. Видео

автовладельцы уже получают постановлении о нарушениях ПДД

Posted by Тилек Оторов on Sunday, March 10, 2019

ЖКККББ 11-мартта Бишкекте почточу жол эрежесин бузуу үчүн штрафтарды жеткирип жүргөнү тартылган видеону жарыялады — бул айдоочулар айып пулдар жөнүндө билдирүүлөрдү кантип алып туруушаары боюнча мисал.

Каттар автоунаа катталган жарандарга келип турат. Ошол эле маалда бийлик штрафтарды өз убагында төлөгөндөргө жеңилдик берет. Эгер айып пул 15 күн ичинде төлөнсө, анда айдоочуларга штрафтын жарымын гана төлөөгө мүмкүндүк берилет.

Каттын өзүндө автоунаа ээлери бузган эрежелер жазылып, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталганы туурасында видео камерадан алынган сүрөттөр тиркелген.

«Коопсуз шаар» — бул камералардын жардамы менен жол кыймылынын эреже бузууларын катто боюнча мамлекеттик долбоор. Азырынча «Коопсуз шаар» Бишкек жана Чүй облусунда гана ишке киргизилген. Дагы бир камера Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна орнотулган.