Ахрал Азимов жана анын жубай маалымат жыйын өткөрүшүүдө. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Санкт-Петербургдагы метродо теракт уюштурууга айыпталып кармалган Акрам жана Аброр Азимовдордун атасы Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоду. Ахрал Азимов уулдарынын күнөөсү жоктугун айтып, орус президентинен алардын ишин көзөмөлгө алууну суранды. Азимовдор Жалал-Абадда туулуп-өсүшкөн, кийинчерээк эмгек миграциясына Орусияга кетишкен.

Эмне болду?

28-мартта Ош шаарында Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурууга жана каржылоого айыпталган Азимовдордун атасы Ахрал Азимов маалымат жыйын өткөрдү. Анда Азимов Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоду.

Ал уулдарынын терактка тиешеси жоктугун айтып, Путинден аларды боштондукка чыгарууга жардам берүүсүн суранды. Азимов үч беттен турган кайрылуусун Орусиянын Бишкектеги элчилигине жана Оштогу консулдугуна жиберээрин айтты.

«Мен буга чейин да Москвада Орусия президентине видео кайрылуу жасаганмын. Бирок эч кандай жооп болгон жок. Бүгүн болсо Владимир Путиндин Кыргызстанга келгенин угуп, атайын кат менен кайрылуу жолдоп жатам. Андан менин балдарымдын ишин көзөмөлгө алып бошотуп беришин сурандым», — дейт Ахрал Азимов.

Акрам жана Аброр Азимовдор Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында туулуп-өсүшкөн. Алар 2011-2012-жылдары Орусияга эмгек миграциясына кетишкен. Ал арада Орусиянын жарандыгын алышып, Сантк-Петербургда иштеп жатышкан.

Санкт-Петербургдагы теракт

2017-жылдын 3-апрелинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу болгон. Ал 16 адамдын өмүрүн алып, 100дөн ашуун жүргүнчү жабыркаган. Тергөө окуяны теракт деп атап, ал эми аны Кыргызстанда туулган жана жардыруу учурунда набыт болгон Акбаржон Жалилов жасады деп тапкан.

Орусия бийлиги терактты уюштуруу боюнча ошондой эле Кыргызстанда туулган Аброр менен Акрам Азимовдорду дагы айыпташкан. Аброр Азимовду жардырууну уюштурууга шектеп жатышат. Анткени терактка чейин ага Акбаржон Жалилов чалган. Ал эми Акрам тергөөнүн версиясы боюнча, теракты каржылаган.

Азимовдордун кармалышы

Аброр Азимов ырастагандай, аны 4-апрелде кармашкан. Бирок Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) анын кармалышы боюнча эки апта өткөн соң гана билдирген. Акрамды расмий түрдө 19-апрелде кармашкан, бирок туугандары буга чейин бир нече күн мурун аны УКМКнын кызматкерлери Оштун ооруканасынан чыгарып кетишип, Москвага жөнөтүшкөнүн айтышкан. Эки бир тууган тең алардын кармалышы «атайын даярдалган» деп билдиришкен.

Акрам Азимовду расмий кармоо. Ыкчам тасмадан кадр

Азимовдордун атасы уулдарын Федералдык коопсуздук кызматы «жашыруун түрмөсүндө» кыйнап, күнөөнү моюндарына алдырууга аракет кылганын айтып келет. Republic басылмасы жашыруун түрмө Москванын түштүк-батышында жайгашышы мүмкүн экенин божомолдогон. Бир тууган Азимовдор дал ушул жерге кармалышы ыктымал экени айтылган. Октябрдын аягында Орусиянын Тергөө комитети эч кандай жашыруун түрмө «таппаганын», ал эми бир тууган Азимовдорго тергөө учурунда «эч кандай физикалык зомбулук» колдонулбаганын билдирген.

Азимовдор эки жыл мурун кармалышкан. Ошол убакыттан тарта тергөө мөөнөтү бир нече жолу узартылган. Ахрал Азимов уулдарынын адвокаты берген маалыматка таянып, алар учурда Санкт-Петербург шаарындагы «Кресты» тергөө изоляторунда кармалып турганын жана Орусиянын Тергөө комитети ишти Аскер сотуна өткөрүп бергенин айтууда.

Путиндин Кыргызстанга сапары

Орусиянын президенти 28-мартта мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди. Бул Владимир Путиндин Кыргызстанда 2017-жылы октябрда өткөн президенттик шайлоодон кийин өлкөгө жасаган биринчи сапары. Бүгүн тараптардын 30дан ашуун келишимге кол коюшу күтүлүүдө. Учурда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусу өтүүдө.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы