undefined

Иллюстративдик сүрөт / «Турмуш» басылмасы

Апрель айынын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) эл аралык паспортторду сатып алууга жарыялаган тендерине байланыштуу адамдардыкында тинтүү жүргүздү. Тинтүү ошондой эле бул иш боюнча күбөлөрдүкүндө да өткөн, тактап айтканда, юрист Нурзат Хусаинова менен «Клооптун» редактору Анна Капушенконун үйүндө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кимдердикинде тинтүү жургүзүүгө укуктуу экенин териштиребиз.

«Прецедент» компаниясынын юристи Замир Жоошев «Клоопко» тергөөчүлөр тинтүүнү кылмыш иштеринин фигуранттары менен шектүүлөрдүкүндө гана эле эмес, күбө деген расмий макам ала элек жөнөкөй жарандар менен күбөлөрдүкүндө да жүргүзө алышаарын түшүндүрүп берди.

Юристтин айтымында, күбөлөрдү тинтүү тууралуу ченем эски Жазык-процесстик кодексинде (ЖПК) да жазылган. Бирок 2019-жылы январда күчүнө кирген жаңы ЖПКда тинтүү жүргүүзүүгө эмне негиз боло алаарын анын авторлору кеңири жазышкан.

Тергөөчү тинтүү жүргүзүү үчүн судьяга анын негиздүү экендигин далилдеп бериши керек. Иштин күбөлөрүнө карата тинтүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

• жорук же кылмыш жасалган болсо;

• күбөдө иш үчүн маанилүү болгон буюмдар менен документтер бар. Мисалы, күбөдө иш боюнча шектүүнүн же айыпталуучунун күнөөсүн тастыктаган далилдер болсо;

• ушул буюмдар, документтер же издөөдө жүргөн адамдар белгиленген жерде жүргөн болсо. Мисалы, күбөнүн үйүндө.

Мындай факттарга ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыктары, документтер жана жарандардан алынган түшүнүк каттар далил болуп бере алышы мүмкүн — мунун бардыгы сотко өткөрүлүшү керек.

«Тинтүүгө уруксат берүүгө чейин судья ыкчам издөө иш-чаралары чын эле жүргүзүлгөнүнө жана ошол орун жайда чындыгында эле кылмыш иши үчүн маанилүү буюмдардын бар экененине көзү жетиши керек», — деди Жоошев.

Бирок иш жүзүндө, юристтин айтымында, тинтүүгө уруксат судья тараптан талаптагыдай текшерүү жок эле уруксат бериле берет.

«Иш жүзүндө ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыктары сотко берилбейт жана судья тарабынан тинтүү үчүн негиздердин бар-жогу изилденип, баа берилбейт», — деп түшүндүрөт юрист.

Жаңы ЖПК боюнча, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн кылмыш ишин козгоо кажет эмес — ал үчүн болгону арызды жана кылмыш фактысын Бузуулардын бирдиктүү реестринде каттап коюу гана жетиштүү.

Тема боюнча:

undefined