Бир эле жыл мурун Кыргызстандагы эң таасирдүү делген КСДП партиясы бирдиктүү болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кандай колдошсо, жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да ошондой эле колдоо көрсөтүшкөн. Бирок бул эки саясатчынын катуу урушуп кетээрин эч ким күткөн эмес. Эми ушунун айынан партия бир нече бөлүккө бөлүнүп кетмекчи, ал эми анын мүчөлөрүнө тараптарды тандоого туура келет — Атамбаев менен оппозицияга кетүү же Жээнбеков менен бийликте калуу. 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт жана ал убакка чейин социал-демократтар менен эмне болуп кетээрин эч ким билбейт.
«Атамбаевсиз КСДП» эмнеден башталган?
— Атамбаев учурда далбастап, Абдарахмановду эмне кылаарын билбей турат, — дейт «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жол башчысы Сагынбек Абдрахманов өзүн өзү үчүнчү жак менен айтып.
«Атамбаевсиз КСДПнын» кеңсеси Бишкектин борборунда, мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитинин мурдагы имаратында жайгашкан. Абдрахмановдун кабинети — ак дубал, ноутбук жаткан стол, эски илгич жана жылыткыч турат. Чоң, бирок ээн иш бөлмө — Абдрахманов өзү айткандай «супер-пупер кеңсе» эмес.
Абдрахманов анын айтымындагы «партияны Атамбаевден жана анын коррупционерлеринен тазалоого» аракет кылган кыймылынын жолугушууларын КСДП үзгүлтүккө учуратып жатканына даттанат. Абдахмановдун өзүн, Чүй облусунун мурдагы губернаторун 2017-жылдын жарымында КСДПдан чыгарып салышкан. Ага анын партиянын чечимине каршы баргандыгы себеп болгон. Социал-демократтар бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду тандашкан учурда Абдрахманов президенттике өз талапкерлигин койгон.
Абрахманов өз өмүрүнүн жылдарын арнаган партиядан аны чыгарып салышканына гана эмес, аны кандай жол менен чыгарышканына нааразы. Акыркы бир жарым жыл ичинде ал өзүнүн партиялык билеттен ажыратылган ошол жыйындын протоколун ала албай койгон.
Социал-демократиялык партия — бул 1993-жылы түзүлгөн Кыргызстандын эң байыркы партияларынын бири. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп Алмазбек Атамбаев эсептелинет, ошондой эле ал партиянын лидери кызматын ээлейт.
Абдрахманов өзү КСДПнын партиялык саясатына (демек Атамбаевдин да саясатына) 2017-жылы эле нааразы болуп жүргөн, бирок аны жана башка ыраазы болбогондорду уккулары келишчү эмес — аларды жөн эле КСДПдан чыгарып салышкан. Партиялык шефтерге каршы күрөшүү идеясы дал ошол убакта жаралган, ал эми «Атамбаевсиз КСДП» урааны менен ушундай эле аталыштагы кыймыл 2018-жылы июнь айында пайда болгон.
— Көрсө, партия — Атамбаевдин жеке менчиги эмес экен. Мага КСДП үчүн күрөшүү майнапсыз экенин далай айтышкан, [...] бирок биз жарандарыбыз менен партиялаштардын аң-сезимин өзгөртө алдык, — дейт Абдрахманов.
Кыймылга канча адам мүчө экенин түшүнүү оор. Абдрахманов өзү так санын билбейт. Ири чогулуштар 50дөн баштап, 150гө чейин тарапкерлерди чогултат, ал эми 10-20 адам чогулткан чакан чогулуштары дасторкон үстүндөгү кадимки отуруштардан айырмаланбайт.
Парламенттик социал-демократтар кантип КСДПдан тескери бурулуп кетишкен?
«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы мурдагы президент бийлигин жогото баштаган учурда пайда болгон. 2018-жылы мартта Атамбаев өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбеков менен урушуп кеткен, ал эми бир айдан соң өкмөттө анын бир да министри калбай калган.
2018-жылдын жай мезгилинен тарта Атамбаевдин тарапташтарына каршы кылмыштык куугунтуктоо башталган. Алгач кылмыш ишин бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго каршы козгошту, андан соң премьер-министр Сапар Исаковду отставкага кетиришип, аны дароо эле коррупция боюнча айыпташты. Айыпталган аткаминерлердин бардыгы өздөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин «саясий» деп аташат.
Бир катар камакка алуулардан кийин КСДПнын бийликтин түзүмдөрүндөгү таасири өтө алсырап кеткен, ал эми жаңы өкмөткө Атамбаевдин кадрлары кирбей калган. Кийинчерээк, парламенттеги социал-демократтардын дээрлик бардыгы партия өзүн оппозиция деп жарыялаганына карабастан Жээнбековду колдоп кеткен. Ушул араздашуунун шартында өз эрки менен депутат жана президенттин иниси Асылбек Жээнбеков партиячылардын көпчүлүгүнүн салымы КСДПда эми бааланбай калды деп партиядан кетти.
— Тилекке каршы, партиянын ичиндеги чырлар партиянын беделине убалын тийгизди [...] КСДП бир адамдын куралы болуп баратат. Бир адамдын диктатурасы орноп жатат, башка мүчөлөрдү эсепке алышпайт, — деп айткан Жээнбеков. Фракцияда калган депутаттар болсо деги эле эки президенттин ортосундагы араздашууну байкагылары келишпейт же бул тууралуу ачык айткылары келишпейт.
— Түшүнсөңөр, биз күндө бири-бирибизге жолугуп, бири-бирибизди көрүп турабыз, бирге иштейбиз. Дайыма чогуу отуруп, бири-бирибизге таш ыргытуунун кереги барбы? Андан көрө, калган убакытты келишүү менен жашаган жакшы, — дейт КСДПнын депутаты Дастан Бекешев.
Анын айтымында парламенттик социал-демократтар бийликти колдоп, өкмөт, парламент жана президенттин ортосунда «карама-каршылык жаралбагыдай» кылып жатышат. Ал Кыргызстан толук кандуу негизги чечимдерди парламент кабыл ала тургандай өлкө боло элек деп эсептейт — анын сөздөрүнөн дагы деле көптөгөн нерселен президенттен көз каранды экенин түшүнсө болот. Бирок ага карабастан Бекешев парламенттеги фракциялар өз партияларынын чечимдерине баш ийе тургудай кылып Конституцияны өзгөртүү керек дейт.
— Фракция — бул партиянын туундусу жана негизинен фракция партиянын тапшырмаларын аткарышы керектигин Конституцияда белгилей кетиш керек. Бирок бизде калыптанып калгандай, депутаттар мандат алышкандан кийин партиядан көз карандысыз болуп калышат. Ушуну эске алышыбыз керек. Башка өлкөлөрдө мындай эмес, — дейт Бекешев.
Мындай баш ийбөөгө КСДПнын депутаттары Иса Өмүркуловду партиядан чыгарылса да «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдогон деген шектөөлөрдөн кийин фракциянын лидерлигинен бошотпой коюшканы себептердин бири болгон. Мындай чечимден кийин Атамбаевди жактап калган социал-демократтардын бир нечеси жыйындарды этибарга албай, фракциянын ичинде оппозиция түзүп алышкан.
— Мен фракциянын бардык мүчөлөрүнө сунуштагым келчү нерсе, эгер алар КСДПда Атамбаев менен иштегилери келбесе, ачык айтып эле партиядан чыгуу тууралуу арыз жазышсын. Депутаттарга да тиешелүү. Азыр Жээнбеков менен анын командасына жаңы партия түзүп, шайлоого барышына эч ким жолтоо болгон жок, — деп КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина фракция Өмүркуловдун жетекчилиги алдында иштеп жатканда маалда айткан.
Карамушкина өзү — Атамбаевди колдоп жаткан КСДПнын парламенттеги анча-мынча депутаттардын бири. Андан тышкары, парламентте мурдагы президенттин тарабын жактап Асел Кодуранова менен Мурадыл Мадеминов калган. КСДП парламентте эң эле көп, тагыраагы 37 орунга ээ, бирок ага карабастан экс-президенттин тарабында болгону үч эле адам бар, албетте бул абдан эле аз.
Эмне үчүн КСДП жүзүн сактап калгысы келет? (бирок кабатыр болууга себеп бар)
Атамбаевдин жетекчилиги астында оппозицияга өтүп кеткен социал-демократтар «Медиа Форумдун» килейген эски кондиционерге окшогон, советтик эки кабаттуу имаратында жайгашкан партиянын штабында отурушат. Имараттын сырткы көрүнүшү кубулмалык болот. Мүмкүн ал сыртынан үрөйү сууктай сезилет, бирок ичинен кээде элсиз болсо да, кымбат жана кең көрүнөт.
Штабдын коридорлорунан ээн-эркин басып жүрүү кыйын — бул үчүн коддолгон кулпулардын сыр сөздөрү жана атайын чиптер керектелет. Атамбаевдин өзүнүн кеңсеси экинчи кабатта жайгашкан, ал эми иш бөлмөсүнүн эшигинде анын ысымы жана макамы жазылган кичинекей такта илинип турат: «Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын экс-президенти».
Партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн бири Нурбек Касымбеков КСДПда 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында анын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүнөн колдоо жаатында «айрым кыйынчылыктар бар экенин» мойнуна алат. Бирок ал парламенттеги депутаттардын партияны колдобой калышканында коркунучтуу эч нерсе жок деп эсептейт. Касымбеков аларды шайлоонун алдында ордуларын «жаңы адамдар» алмаштыра турчу «принциби жок адамдар» деп атайт.
— Бул өзүн өзү тазалоо процесси, — дейт президенттин Жогорку соттогу Конституциялык палатанын мурдагы өкүлү Касымбеков. Ал партия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү шайлоонун алдында КСДПны колдошот деп ишенет: «Биз Атамбаевден тескери карап албайбыз, ал биздин лидер».
Партиянын башкы кеңсесинин парламенттеги өкүлдөрү менен болгон араздашуусу — партиядагы жападан жалгыз эле көйгөй эмес. Атамбаевчил социал-демократтарды Сагынбек Абдрахмановдун кыймылынын ишмердиги жана анын Атамбаевди төрагалык кызматтан кулатууга жасаган аракеттери кыжырдантат. Штабда «Атамбаевсиз КСДПнын» иш-аракеттеринин бардыгын мыйзамсыз деп эсептешет, анткени анда партиячылдар жок жана анын партияга эч кандай тиешеси жок. Бирок, чынында кыймылдын отурумуна катышкан партия мүчөлөрүн текшерүү кыйын — саясий кеңештин маалыматы боюнча КСДПда 50 миң жаран катталган. Касымбеков кыймылдан артында президент Сооронбай Жээнбеков жана өлкө башчысынын иниси Асылбек Жээнбеков жана КСДПнын бир нече депутаты турат деп эсептейт.
— Алардын артында парламенттеги таасирлүү адамдар турушат. Сагынбекти Сооронбай Шарипович өзү кабыл алган. Өзүңөр тыянак чыгаргыла. Ал өзү жөн эле чуркай бербейт, ага каржылык жактан жардам берип турушат, — деп эсептейт Касымбеков. Бирок КСДП бул кыймыл менен эч нерсе кыла албайт: «Ишмердигине тыюу салуу үчүн мыйзамдуу куралдар жок».
Партиянын башкы кеңсеси Абдахманов менен эмне кылуу керек деп ойлонгучакты, ал өзүнүн версиясындагы КСДПнын аймактык чогулушун өткөрүүгө жетишти. Ошол 3-апрелдеги съездине аны партиянын төрагасы деп шайлашкан. Мындан кийин Абдрахманов өзүн КСДПнын жаңы мыйзамдуу лидери деп эсептейт, ошондуктан ал Атамбаевден партиянын мөөрүн талап кылган.
— [Төрагалыктын] ордуна татыктуу талапкерлер көп — Асылбек Шарипович же Иса Шейшенкулович. Бирок алар мени татыктуу дешти, — деп трибунадан жаырялады Абдрахманов.
Мындан кийин, КСДПнын жаңы версиясынын чогулушунда партияны кайра каттоо үчүн расмий түрдө Юстиция министрлигине кайрылууну чечишти, бирок ведомство өзүнүн корутундусун чыгара элек.
Партиянын башкы штабынан мыйзамдуу эмес съездди «таш жалак болгон маскарапоздордун шоусу» деп аташты. «Съезд өзү фейк, анын делегаттары да фейк», — деп КСДПдан айтышты. Партия өзүнүн съездин 6-апрелде өткөрөт.