«Аялдардын демократиялык тармагы» фонду үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу баяндама жарыялады. Ага ылайык, 2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 62 аял каза таап, дагы 288и жаракат алган.

Милиция расмий түрдө 2018-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 30 000ден ашуун чалууларды каттаган. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү мыйзамга ылайык, милиция жабыркагандардан да, күбөлөрдөн да үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө көңүл бурууга милдеттүү. Участкалык милиционерлер мыйзамды сакташы үчүн аларды гендердик сезгичтик боюнча курстарга жиберишкен.

Анткени менен, жабыр тарткан аялдардын кээ бирлери дагы деле милиционерлердин үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү иштерге көңүл бурбагандыгы тууралуу кабарлашат. Күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдар милиция же ооруканага эмес, көбүнчө укук коргоо уюмдарына жана кризистик борборлорго кайрылышат.

Тема боюнча: