Бишкек: Коомдук транспортто электрондук билеттөөнү киргизүү боюнча тендерди швейцариялык компания утуп алды

Бишкек мэриясы бул системаны 24 млн сомго ишке берүүнү пландап жаткан швейцариялык BPC AG компаниясын тандап алды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, швейцариялык компания эң эле төмөн баа сунуштаган жана квалификация боюнча талаптарга максималдуу түрдө ылайык келет.

«Тендердин жеңүүчүсү менен 8-майга чейин келишим түзүлөт [...] BPC AG системаны толугу менен каржылап, эксплуатацияга кеткен чыгымдарды өзүнө алат», — деп айтылат мэриянын кабарында.

Швейцариялык компания менен келишимдин мөөнөтү аяктаган соң система шаар бийлигинин карамагына өтөт. Бул система шаардык троллейбустар менен автобустар үчүн гана иштемекчи.

«Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасынын» директору Нурлан Койчубеков келишимге кол коюлгандан кийин компания долбоорду алты айдын ичинде ишке берүүнү мерчемдеп атканын «Клоопко» билдирди. Швейцариялык компания троллейбус же автобустагы ар бир жол акысынан 49 тыйындан алып турат.

«Транспорттук карточкалар кеңири жайылтылып сатылат. Жарандардын жеңилдетилген категориялары үчүн [карталар] бекер берилет — бул пенсионерлер, почточулар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Бул карталар персоналдаштырылат», — дейт Койчубеков.

Анын айтымында, транспорттук картаны телефондун эсебинен толтуруп алууга мүмкүн. Ошондой эле жол кире акысын алыстан туруп төлөө функциясы бар банктык карталар же QR-код аркылуу төлөсө болот.

Бишкектин бийлиги шаардын коомдук транспортторундагы электрондук билеттөөнү 2010-жылдардын башынан бери эле талкуулап келген. Бирок биринчи электрондук билеттер өлкөдө ушул жылдын февраль айында Ош шаарында ишке киргизилген.