20-мартта өрттөнгөн май куюучу жай. Күбөлөр тарткан сүрөт

Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу бекеттер 8-апрелде текшериле баштады. Ага 20-мартта калаадагы май куюучу жайлардын биринде чыккан өрт себеп болгон. Экотехинспекциянын маалыматы боюнча, шаардагы 44 бекеттин 36сы өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт.

Эмне болду?

Ушул жылдын 20-март күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы «Октан сервис» май куюучу бекетинен өрт чыккан. Аны өчүрүүгө ӨКМдин жети бөлүмү тартылып, тилсиз жоо эки сааттай убакытта чектөөгө алынган.

Өрттүн айынан үч адам жаракат алып, жакын жайгашкан унаа оңдоочу жай жабыркап, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан 1 млн 600 миң сомго жакын материалдык чыгым келтирилип, анын ичинен 1 млн 225 миң сом өлчөмүндө зыянды бекеттин өзү тарткан.

Иликтөө иштери тилсиз жоо бекеттеги жарылуунун айынан келип чыкканын аныктаган. Мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү май куючу бекеттердин мыйзамдуулугу боюнча маселени көтөрүп, шаардагы бардык май куюучу жайлар текшерилээрин билдиришкен.

Шаардагы 44 май куюучу бекеттин 36сы талапка жооп бербейт

Экотехинспекциянын башчысынын орун басары Талант Эшбаев билдиргендей, шаардагы 44 май куюучу бекеттин 36сы өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт. 2018-жылы 22 бекет текшерилип, дээрлик баарында коопсуздук боюнча эрежелер сакталбаганы аныкталып, аларга жазма түрүндө эскертүү берилген. Айрым бекеттер ишкерликти коргоо мыйзамынын негизинде текшерүүгө алынган эмес.

«Пландуу текшерүү 2019-2020 жылдары такыр жүргүзүлбөйт. Анткени ишкерликти текшерүүгө өкмөт тарабынан мораторий жарыяланган. Мэрдин буйругунун негизинде Экономика министрлигинен 26 бекетти текшерүүгө уруксат алдык. Эми үч күндүн ичинде баарын текшерип чыгышыбыз керек», — деди Эшбаев.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуулар аныкталса иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Октан сервис» май куюучу бекетинен чыккан өрт «өрт коопсуздугунун талаптарын сактабоо» беренеси боюнча каттоого алынганын билдиришти. Учурда өрттүк-техникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Музыкалык окуу жай же май куюучу бекет

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу эки жылдан бери башталбай келет. Ага «Эко АЗС» май куюучу бекетинин окуу жайга жакын жайгашканы себеп.

Аталган окуу жайдын чарба иштери боюнча директорунун орун басары Бакытбек Насиев «Клоопко» билдиргендей, аталган маселе төрт жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок, жергиликтүү бийликке жолдогон кайрылууларынан эч кандай майнап чыкпай келгенин айтат.

«Биз да, жашоочулар да май куюучу бекеттин курулушуна уруксат берген эмеспиз. Үй салам дегенинен макулдугубузду бергенбиз. Окуу жай 1963-жылдан бери иштеп келет, ал эми “Эко АЗС” 2005-жылы гана курулган», — дейт Насиев.

Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошов музыкалык окуу жайга жакын орун алган май куюучу бекет жаңы курулушка эч кандай тоскоолдук жаратпайт деген пикирде.

«Бүгүнкү күндө [музыкалык окуу жайдын жаңы имаратын] долборлоо иштери жүрүп жатат. Республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндөн кийин облустук капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш иштерин баштайт», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми экотехинспекция музыкалык окуу жай май куюучу бекетке жакын болгондуктан, жаңы имаратынын курулушуна уруксат ала албай жатканын тастыктайт.

«Ал жердин ээси жеке менчик имарат куруу үчүн [уруксат] алган. Биз [бекетти] көчүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, ээси да макул эле болуп жатат. Болгону башка жактан жер табуу маселеси бар. Негизинен май куюучу бекет жерди бошотуусу керек», — деп билдирди Эшбаев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто май куюучу бекеттен өрт чыгып, бир адам жабыркады

Авторлошу: Дамира Жуман кызы