Финпол Бабановдун жээнин суракка алды

Жаныбек Мырзабаев сурактан кийин

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (ЭККМК) мурдагы президенттик кызматка талапкер Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди беш саат суракка алды. Мырзабаев «Кыргызстан Коммерциялык банкынын» директорлор кеңешинин башчысынын орун басарлык кызматын ээлейт.

Мырзабаев билдиргендей, аны эки кылмыш иши боюнча күбө катары суракка алышкан жана анын божомолу боюнча, мындай жол менен бийлик Бабановго басым кылууга аракет жасоодо.

«Сурак саат 15:30да башталып, кечки саат 20:30да бүттү. Эки кылмыш ишин козгошконун айтышты. Башка маалымат бере албайм, себеп дегенде эч кимге жайбоо тууралуу документке кол койдум», — деди Мырзабаев.

Мырзабаевди банктын акционерлеринин билдирүүлөрүнөн улам финполго чакырышкан.

Кийинки сурак 12-апрелде саат 15:00дө болот. Мырзабаев суракка чакыруу катын Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү белгилүү болгондон кийин, 10-апрелде алган.

Саясатчы 2017-жылдын октябрындагы шайлоодо утулуп калган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ага каршы эки кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат саясатчыны бийликти басып алууга даярдануу жана улуттар аралык кастыкты козутууга айыпташкан. Ал эми Бабанов өзүнө каршы тагылып жаткан айыптарды «сандырак» деп атаган.

Бабанов саясаттан кетип жатканын ошол эле жылы 30-декабрда жарыялаган. Ал депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидердик кызматынан кеткен.

Бул окуялардан бир жарым жыл өткөндөн кийин саясатчы анын өлкөдөн чыгып кетиши экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин айтып чыкты. Ага ылайык, экс-президент менен учурдагы президент саясатчыга карата кылмыш куугунтуктары менен анын тарапкерлерине кысым көрсөтүүнү токтотуулары керек болгон.