Өткүрбек Жамшитов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрель күнү эң эле коррупциялашкан министрликтер менен ведомстволорду атады. Башкы прокурордун тизмесине төмөнкүлөр кирген:

  • Ички иштер министрлиги;
  • Транспорт жана жолдор министрлиги;
  • Саламаттык сактоо министрлиги;
  • Билим берүү жана илим министрлиги;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
  • Мамэкотехинспекция.

«Юстиция, экономика жана каржы министрлигинде мыйзам бузуулар аз катталган. Мындай маалыматтар Башкы прокуратурага түшкөн арыздардын жыйынтыгы боюнча аныкталган», — деп кошумчалады Жамшитов.

Коррупцияга каршы күрөш

Коррупцияга каршы күрөшүү — президент Сооронбай Жээнбековдун ишиндеги артыкчылыктуу багыт. Ал бийликке келгенден кийин өкмөт коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн акчаларды которуп туруу үчүн атайын эсеп ачкан. 2019-жылдын февралына карата атайын эсепте 1 млрд сомдон ашуун каражат топтолгон. Өлкө башчысы бул каражаттарды мектептердин курулушуна жумшоону сунуштаган.

Азыр Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө карата бир нече сот процесстери жүрүп жатат. Мисалы, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, андан тышкары, мурдагы калаа башчылары Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов коррупция иштери боюнча айыпталышууда. Атамбаев жана анын үзөңгүлөштөрү бул иштерди «саясий» деп аташууда.

Бирок Жээнбеков өзү бийлик коррупцияга каршы күрөшкө жамынып саясий атандаштардан өч алууга жол бербейт деп билдирген.