Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрелде парламентте отчёт берип жатып «Акнет» интернет провайдерине карата иликтөө уланып жатканын билдирди. Жамшитов азыр өндүрүштө үч кылмыш иши бар экенин айтты.

Ал Финполдун кызматкери «Акнеттин» өкүлүнөн акча опузалап жаткан өңдүү видео тасманы да эскерип өттү.

«Интернетте таркаган видеоматериал боюнча биз финполго сурам жөнөттүк, алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча укуктук баа беребиз», — деди ал.

Видео тасма интернетте 10-апрель күнү пайда болгон. Анда белгисиз адамдар «Акнеттин» кеңсесине келип, компаниянын жетекчилигин коркутушканы көрсөтүлгөн.

Видеодон эки адамды көрүүгө болот: бири «Акнеттин» өкүлү, ал эми экинчиси белгисиз адам. Экинчиси интернет провайдердин өкүлүн коркутуп, андан компаниянын 2007-жылдан тарта 2018-жылга дейре кирешесинен акча төлөп берүүнү талап кылган. Белгисиз адамдын айтымында, ал компаниянын үлүшүнүн 33 пайызын алган. Ошондой эле ал «Акнет» сатып бериши керек болгон 2018-жылкы «Лексус-570» үлгүсүндөгү жолтандабасты талап кылган.

Белгисиз адам компаниянын юристин жазалап, андан тышкары, «Акнетке» УКМКнын жана финполдун өкүлдөрүн жөнөтөм деп коркуткан.

«Мен сот аркылуу иш кылбайм… Канча эсептедиңер, менин эсебиме түшсүн, анан дагы көрө жатаарбыз… Мындайча айтканда, мен бул компанияны азыр көмүп сала алам… Эгер азыр ымалага келе албасак “Акнеттин” күнү бүтөт… Эки катышуучу УКМК менен финполго барып арыз жазышат», — деп билдирген белгисиз адам.

Финполдо эмне деп жатышат?

Видео тасма ачыкка чыгып кеткенден бир нече күндөн кийин финполиция өзүнүн расмий билдирүүсүн жарыялаган. Мекемедегилер интернетке «монтаждалган жана маектин контекстинен алынган үзүндүлөр» жарыяланып жатат деп эсептешет.

«Видеодо атайын пландалган жагымсыз өңүт бар, айрым адамдардын кызыкчылыгы так көрүнүп турат, алар өз аракеттери менен кызматтын өкүлдөрүнүн беделин жагымсыз көрсөтүүгө аракет кылышууда. [...] Буга кызыктар адамдар “Акнет” компаниясынын түзүүчүлөрүнүн Финпол менен кылмыштуу бүтүмү бар деген өңүттө терс коомдук пикир жаратууга аракет кылышууда», — деп айтылат кызматтын пресс-релизинде.

Компаниядагы тинтүүлөр

2018-жылы ноябрдын аягында финполиция «Акнет» компаниясында тинтүү жүргүзгөн. Анда компания муну «рейдерлик басып алуу» деп атап, «Акнеттин» кабелдик телевидениеси менен интернети начар иштей баштаган.

Бул бир гана интернет колдонуучуларына таасир этпестен, маморгандардын ишине да тоскоолдук жараткан, себеби алардын көпчүлүгү «Акнет» провайдеринин интернетин колдонушат.

Финполдон билдиришкендей, «Акнетке» карата кылмыш иши акционерлердин бири Руслан Абдумажитовдун кирешени аз көрсөтүү, салык төлөөдөн качуу жана акционерлерге дивиденддерди төлөбөй коюу фактылары боюнча берген арызынын негизинде козголгон.

«Акнеттин» түзүүчүлөрү болуп Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов эсептелет. Фирманы Кубан Ажимудинов жетектейт. Анын жана аткаруучу директор болуп иштеп жаткан Руслан Абдумажитовдун ортосунда үлүштөрдү жана кирешелердин бөлүгү боюнча пикир келишпестиктер чыгып кеткен.

Финпол компаниянын эсептерин камакка алып, салык текшерүүсүн дайындаган. Бирок бир катар өтүнүчтөрдөн кийин башкы эсеп камактан чыгарылган.

«Мамлекеттик органдарды жана республиканын калкын интернеттен өчүрүү сыяктуу күтүлбөс терс жагдайдарды болтурбоо үчүн эсепти камактан чыгаруу чечими кабыл алынды, натыйжада компания үзгүлтүксүз иштөөнү улантты», — деп айтылат финполдун пресс-релизинде.

Иликтөө учурунда компания буга чейин жашырып койгон 150 млн сом салыкты бюджетке төгүп берип, финпол кылмыш иштерин жапкан.

Бирок 27-мартта Башкы прокуратура төрт кылмыш ишин токтотуу тууралуу финполдун чечими артка кайтарылганын кабарлаган. Азыр бул иштердин үстүнөн ИИМдин тергөө кызматы иш алып барууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Акнеттин» айланасындагы талаш. Бул провайдердин телеканалы менен интернетине кандай таасир этет?