Бишкек ЖЭБи тууралуу иш: «Электр станциялардын» директорунун экс-орун басары күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды

Бердибек Боркоев. Сүрөт: «Электр станциялары»

Биринчи май райсотунда Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу иш боюнча процесс аяктап калды. Айыпталуучулардын бири, тагыраагы «Электр станцияларынын» башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев өз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды.

Боркоевдин жактоочусу Учкун Каримов «Клоопко» билдиргендей, жылуулук борборунун кышкы жылытуу сезонуна даярдыгын текшерүү Боркоевдин милдеттерине киргени менен ал муну жеке өзү текшербей койгону боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды.

Каримовдун айтымында, мамайыптоо анын коргоп жаткан адамын 10 жылга эркинен ажыратууну суранууда.

Сот Боркоевди башка, ЖЭБди жылытуу сезонуна карата оңдоого тендерди мыйзамсыз өткөрүү жөнүндө иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Январда аны 7,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан.

ЖЭБдеги авария тууралуу иш боюнча айыпталуучу катары энергетика секторундагы мамлекеттик мекемелердин мурдагы жети топ-менежерлери өтүүдө. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдиңдин экс-башчысы Айбек Калиев, «Электр станцияларынын» экс-директору Узак Кадырбаев жана Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу бар. Мурдагы аткаминерлер ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалангандыгында айыпталышууда.

Бишкек ЖЭБдеги авария 2018-жылы январдын аягында болгон. Анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.

ТЕМА БОЮНЧА: