Иллюстративдүү сүрөт. Marco Verch / flickr.com

Дисклеймер: Эскертүү! Бул текст порнография жана ага байланыштуу нерселер тууралуу. Эгер бул сиздин сезимиңизге туура келбесе, анда биздин Швецияда теракт даярдоо боюнча соттолуп кете жаздаган кыргызстандык Атабек Абдуллаев тууралуу даярдаган материалыбызды окуңуз.

Жыл сайын чоңдорго арналган ири Pornhub сайты колдонуучулардын эң эле көп издеген сурамдары, статистикалары жана башка көрсөткүчтөрү жөнүндө отчётун жарыялайт. Мисалы, 2018-жылы сайтка 33,5 млрд (!) жолу киришкен — бул болжол менен бир күндө 92 млн колдонуучу дегенди билдирет.

Pornhub колдонуучулардын арасындагы топ-тренддер жөнүндө да айтып берет. 2018-жылы колдонуучулар көбүнчө АКШнын президенти Доналд Трамп менен чатакташа кетип белгилүү болгон порноактриса Сторми Дэниэлсти издешкен.

Pornhubга киргендердин арасында кеңири жайылган сурамдардын катарына Fortnite аталышы бар «падышалар согушу» жанрындагы видео оюнуна байланыштуу тасмалар кирген. Ал эми алдыңкы үч лидердин катарын 4К (бул FullHD сыяктуу, бирок андан төрт эсе мыкты) форматындагы видео тасмалар толуктаган.

2018-жылдагы эң популярдуу сурамдар. Скриншот: Pornhub.com

Отчёттон ар кандай курактагы адамдарга кандай жанрдагы видеолор жагаарын да билсе болот. Мисал үчүн, 18 жаштан 34 жашка чейинки көрүүчүлөр «Хентай» категориясындагы порно көрүшөт, ал эми 34 жаштан 60 жашка чейинкилери көбүнчө MILF жанрындагы видеолорго кызыгышат.

Анткени менен Pornhubдын отчётторунун эң кызыктуу пункту — бул конкреттүү өлкөлөр жана ошол өлкөдөгү тургундардын сурамдары тууралуу берилген кеңири маалыматтар. Бирок, тилекке каршы Кыргызстан Pornhubдын ушундай статистикасына кирбей калган. «Клооптун» редакциясы бул абалды оңдоюн деген максатта Кыргызстан тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен сайттын администрациясына түз кайрылды.

Демек…

Pornhubдын маалыматтарына ылайык, кыргызстандыктардын сайттагы сеансы орточо эсеп менен 9 мүнөт 43 секундка чейин созулат, ал эми сайтка киргендердин 40 пайызы — аялдар.

Кыргызстандын колдонуучуларынын 91 пайызы Pornhubга телефондон, калгандары компьютер жана планшеттерден киришет.

Кыргыз аудиториясынын арасындагы сурамдардын алдыңкылары төмөндөгүдөй:

  • Кыргызстан;
  • аниме;
  • Казакстан;
  • чоң жамбаш;
  • өзбектер;
  • сулуу кыздар;
  • хентай;
  • эркектин чоң жыныстык мүчөсү;
  • Өзбекстан;

  • Корея;
  • казактар;
  • секс-оюндар;
  • кыргыздар;
  • назик секс;
  • үйдөгү секс;
  • кооз секс;
  • орусча хентай.

Мындан тышкары кыргызстандыктардын сүйүктүү категориялары да бар. Тагыраагы, адатта колдонуучулар издебей көргөн тасмалар. Pornhubдагы кыргызстандык колдонуучулардын арасындагы порнонун эң популярдуу категориялары төмөндөгүдөй:

  • хентай;
  • мультфильмдер;
  • жапон видео;
  • MILF
  • анал секс;
  • азиялык кыздар;
  • улуу аялдар;

  • эркектин чоң жыныс мүчөлөрү;
  • орустар;
  • лесбиянкалар;
  • трансгендерлер;
  • бозойлор;
  • чоң эмчек;
  • кремпай (ред. — урук таштоо).

Кыргызстанда дүйнөлүк көрсөткүчтөргө салыштырмалуу «орустар» категориясындагы видеолорду 399% кызыгып көрүшөт. Андан тышкары, кыргызстандыктар «мультфильмдер» категориясындагы видеолорду 178% пайызга жана «мектеп» тематикасы боюнча порнолорду 163% көбүрөөк издешет.

Pornhub — интернеттен порнография көрүүгө арналган эң ири сайт. Сайттагы видеолордун көпчүлүгү бекер жана көрүү үчүн катталууну талап кылбайт. Аналитикалык Alexa Internet сайтынын маалыматына ылайык, Pornhub белгилүүлүгү боюнча дүйнөдө 27-орунду ээлейт.

Авторлошу: Рустан Халимов