Чет мамлекеттик паспорттор иши. МККнын башчысынын орун басары ТИЗОдон үй камагына чыгарылды

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысынын орун басары Руслан Сарыбаевди үй камагына коё берди. Ал Кыргызстан үчүн чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендерин өткөрүүдө коррупция боюнча шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, сот Сарыбаевди үй камагына 26-апрелде чыгарган.

«Шектүү тергөө органдары менен кызматташат, жашы жете элек үч баланы багат жана ошондой эле анын апасы оор ооруунун айынан каза болгон», — деп соттун айткандарын «АКИпресс» басылмасы келтирет.

Сарыбаев 16-апрелде кармалып, УКМКнын тергөө абагына (ТИЗО) киргизилген. Атайын кызмат аны чет мамлекеттик паспортторду сатып алууга жарыяланган тендерди өткөрүүдөгү коррупция боюнча шектеген.

Бишкектин Биринчи май райсоту Сарыбаев жана кылмыш иштин башка фигуранттары — ведомствонун стат катчысы Данияр Бакчиев жана «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаев тергөө иштери жүргүзүлгөнчө, 15-июнга чейин тергөө изоляторуна (ТИЗО) кармалсын деген чечим чыгарган.

Тергөө МККнын биометрикалык паспортторду сатып алууга жарыялаган тендерин уюштурууда «коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери» жана «билип туруп пайдасыз келишим түзүү тобокелдиги» болгон деп эсептейт.

УКМК версиясы боюнча, Абдуллаев тендерди уткан Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен 2016-жылы Лондондо таанышкан. УКМКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда өтө турган тендер маселелери боюнча Абдуллаев менен фирма өкүлдөрүнүн ортосунда «ишенимдүү мамилелер орногон».

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

Андан кийин УКМК өз иликтөөсүн баштап, атайын кызматтын өкүлдөрү апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчерээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат тендердин айынан келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган.

МККнын аткаминерлери Garsu Pasaulis компаниясы менен «байланышы бар» деген айып менен 16-апрелде кармалышкан. МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан деп билдирген.

Ошондой эле МККдагылар Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлбөгөндүктөн, мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес деп эсептешет.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын айыптарын четке кагышууда. Garsu Pasaulisте УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана алардын кадамдарын «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп ойлошот.